Хоккей боюнча “Манас” кубогу эл аралык деңгээлде 28-майда Бишкек шаардык муз аянтчасында башталат. Manas Teatry Манасты багытындагы кандай гана иш болбосун дайым колдоого алат. Үлкөн ишти баштаган, Манаска арнап кадам таштаган Бакыт Жумагулов, Асел Абдыгуловага ийгилик каалап, ыраазычылык билдиребиз.
Садыр Жапаров
Курманкул Зулушев
Жизак облусуна караштуу Манас айылындагы маданият үйүнүн башчысы Абдувасит Заитов агабыздын Манас тууралуу жалындуу пикирин угуп коюңуздар. Өзбек улутунан болсо да башка тумандан Манас айылына күнүгө келип кыргыз маданиятын кантип жайылтсам деген изги тилектери күч экенин жасап жаткан иштеринен баамдай алдык. Башынан калпакты түшүрбөй кийип жүрөт экен. Буга чейин Манас айылында Манас багытында бир да иш-чара болбоптур. Эми Кыргыз улуттук “Манас” театры жылына 2-3 жолу каттайбыз.
Садыр Жапаров
Курманкул Зулушев
Сүйүнбек Касмамбетов
Manas Teatry
Ысык- Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда жайгашкан К.Саалиев атындагы орто мектеби "Урааным Манас" сынагына катышты.
Садыр Жапаров
Курманкул Зулушев
Сүйүнбек Касмамбетов
Камылгасын көргөндө,
Жүрөгүм кетти жарылып.
Көптөн бери жолукпай,
Калган экем сагынып.
Кыраандап ураан чакырса,
Кудайга турдум жалынып.
Кылкылдаган калың эл,
Кут түшкөнсүп агылып.
Коё бербей урматтап,
Кетээримде жабылып.
Калайык калкты кыя албай,
Араң чыктым сабылып.
Кадамжай району “Урааным Манас” кароо-сынагына 2500дөн ашуун окуучу менен катышты. Саякбай Каралаевге 130 жыл деген жазууну түшүрүптүр. Кыймыл-аракетин көрсөң шамал соксо желпилдеген эрендин килеминдей болуп көздүн жоосун алды. Эл Манасты ушунча сүйөт экен коё бербей жатып араң чыктык.
Садыр Жапаров
Курманкул Зулушев
Эзелтен элим бүт билет,
Эркектен аял күчтүүрөк.
Эне менен сүйүүгө,
Эркектин баары башты ийет.
Түпөктүү найза колго алып,
Түп көтөрүп араңды,
Аңтарып коё таштаган.
А түгүл Манас абаңды,
Кыздардан чыккан Кыз Сайкал,
Айтпай бир койчу адамбы?
Салимбай Турсунбаев
Кыргыз улуттук «Манас» театрынын заманга ылайык жаңы имаратын салып берүү менен бардык шартын түзүп тарых жараткан өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана аны ишке ашырууда опол тоодой салым кошкон Курманкул Зулушев агабызга таазим! Театрыбыздын келечеги кең, телегейи тең болсун. Бул башталышы деп билебиз.
Мамлекет толук камкордукка алганга чейин улуу дүйнөгө кызмат кылып жардамын берип келген бардык ишкерлерге, ишмерлерге, элдик уул-кыздарга ыраазычылык билдирем.
Келечекте улуттук “Манас” борборун, “Манас” жана руханият министрлигин ачабыз. Улуттук дөөлөттү арттырган, аалам суктанган тарыхый ”Манас” шаарын курабыз.