Жаңы класс жетекчи бешинчи класстын окуучуларына алгачкы сабагын берип баштайт. Ал ушул сабагында өмүрүндө биринчи жолу жалган айтат. Жалганы эле ушул, “мен баарыңарды бирдей жакшы көрөм!” деп балдардын көңүлүн алганы. Тээ арт тараптагы партада ар убак ойго баткан, түнт, эч кимге сүйлөгүсү келбеген Жоомарт аттуу окуучу олтураар эле.
Мугалим бир жыл бою ал балага көз салып жүрдү. Башка балдар менен ойнобогон, кийимдери кир жана өзү да көптөн бери жуунбай жүргөнүн баланы мугалим астыртан байкап жүрө берди. Дайыма аны көргөндө үмүтсүз, бактысыз бир баланы көргөндөй боло берчү...
Бир күнү класс жетекчи балдардын делосун толтуруп жатып, Жоомарттын делосун өзүнчө бөлүп алып коёт. Кезек анын делосу