УНУТ ДЕДИҢ
Көзүмдөн жалын сезим жанып турса,
Көөдөндөн аруу ойлор агып турса.
Көрмөксөн болуп сенден кантип кетем,
Көңүлгө сенин жузун жагып турса?
Жүрөктүн төрүн бүтүн ээлеп алып,
Жебеңди так жүрөккө мээлеп алып.
Жүзүңдү буруп кайра унут дедиң,
Жасалма беделиңди тоо деп алып.
Сен барда бүтүн дүйнөм жаркыраган,
Сен күлсөң кадимкидей жаркып алам.
Мээримсиз сендей мерез болбогон соң,
Мен сени унутамын кантип анан?
Улуу бир сезимимди унут дедиң,
Ушулбу сенин айтар улук кебиң?
Ишенич билдирбесең ак сүйүүмө
Ишке ашпай кала берсин үмүттөрүм.
Автор:
Ж. Султанбек у.
З. Ысамамат у .
..
Нике шакек тагыныпсың колуңа,
Ак көйнөгүң жарашыптыр боюңа.
Күбө болуп келишиптир баарысы,
Бара албадым болуп жаткан тоюңа...
..
Кубанычың батпай турду койнуңа,
Колу артылып, түгөйүңдүн мойнуңа.
Гүлүм бүгүн ачылыпсың башкача,
Шуру мончок кооздоп тагып мойнуңа.
..
Өмүр сүрүп, кубанычка бөлөнүп,
Өнүп өсүп, бак дарактай көгөрүп.
Өчпөгүлө, узак жашап бактылуу,
Көбөйүшүп наристелер төрөлүп...
..
Айла канча анан башка нетейин,
Мен да эми, өз жолумда кетейин.
Тилеп койгун сен да менин бактымды,
Өз теңимди табайын да жетейин...
..
А: З.Ы
ОЙЛОБОГОМ
..
Обон салып оюн курган мезгилдер,
Ошондогу, эң бактылуу мүнөттөр.
Ойлобогом, жалгыздыкта калаарын,
Оттой жанган биздин эгиз жүрөктөр.
..
Күндө келип, амандыгын көрүүгө,
Күтөөр элем терезеңдин түбүндө.
Күлүмсүрөп, күндөй тийген чагыңда,
Күтпөгөнмүн, калаарымды күүгүмдө.
..
Биздин сүйүү, жашайт дегем түбөлүк,
Бирге басып, жүргөн кезде жанашып.
Бөлүп алып, сени менден шум ажал,
Бакыт кушун, колдон алды талашып...
..
А: Ы.Замирбек
25/12/2019