Урматтуу Санкт-Петербург шаарындагы мекендештер, шайлоого катышуу үчүн биз БШКнын сайтынан өзүбүздү шайлоочу катары издөөбүз керек, сайт:
https://tizme.gov.kg/
Кантип:
ФИО паспорттогудай жазып, өсү "ө" дөй, үсү "ү" дөй, "ң" дай, бул тамгалар БШКнын жазуу жагынын оң жагында жайланышкан.
Ошондо сиз өз участогуңузду таап аласыз.
Эгер шайлоо убагында Кыргызстанда болсоңуз, ал эми шайлоочу участогуңуз Санкт-Петербург деп чыгып жаткан болсо, консулдук каттоодон чыгууңуз керек.
Эгер Санкт-Петербургта болуп, шайлоо участогуңуз Кыргызстандан чыгып жатса, бул жактан консулдук каттоодон өтүшүңүз керек.
Консулдук каттоо эки жол менен болот:
1)онлайн (консулствого барбастан)
2)жеке өзүңүз баруу мен
“Улуттар биримдиги” элдик партиясынын тизмеси боюнча талапкерлигин койгон, учурда Ош шаардык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарып жактан Нурила Самие...
"Улуттар Биримдиги" элдик партиясынын төрагасы Мелисбек Мырзакматов жана Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков алдыдагы ЖКга шайлоого биргелешип катышуу үчүн биригүүнү чечишти. “Улуттар биримдиги” партиясы жана Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясынын мүчөлөрү эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө биргелешип салым кошуу үчүн болгон аракеттерин бириктирүүнү көздөшүүдө. Мындан тышкары, көптөгөн маселелер боюнча көз караштардын жалпылыгы, өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүү да эки партиянын биригүүсүнө себеп болду.
“УЛУТТАР БИРИМДИГИ” МЕНЕН “КӨЗӨМӨЛ” ШАЙЛООГО БИРГЕ БАРМАЙ БОЛДУ
Мелисбек Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” элдик партиясы жана “Көзөмөл” коомдук кыймылынын башчысы Айбек Турганбаев парламенттик шайлоого биргелешип катышуу максатын билдиришти. Бул туурасында “Элдик медиага” “Улуттар биримдиги” партиясынан маалымдады.
“Улуттар Биримдиги” партиясы жана “Көзөмөл” бирикмесинин мүчөлөрү эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө биргелешкен салым кошуу үчүн күч -аракетин бириктирүүгө, анын ичинде мамлекеттин өнүгүшүнө байланышкан маселелердин укуктук, саясий жана социалдык аспектилерине таасир этүүгө ниеттенүүдө.
” “Улуттар Биримдиги” саясий партиясы өзүнүн программасында негизинен адилеттүүлүк
Тургунбай Алдакулов .
Мелис Мырзакматов шаар тургундарын фойеден да кабыл алчу. Жанында тармактык жетекчилер тапшырманы күтүп турчу. "Алты айдан бери чуркатат, чечип бербей атат",-деп ыйлаган энелерди көрдүк. Ушундай иштесең эл колдойт да анан. Ал үчүн жүрөк керек. Мелис акеде дух бар эле.
Нуржамал Туркбаева
Туура! 100%Анткени мен жеке озум кубо болгом,2010-жылы Ош окуясында борбордук базардагы орттолгон, тонолгон, кредиттери, карызы толтура эл менен кошо мен да баргам мериянын алдына. Баары жардам сурап барышкан. Ошондо Мелис Мырзакматов жеке озу элди кабыл алып, тез бат жардамдар боло турган кылып тапшырмаларды берип, дээрлик чечип берген!Маанайы жок элдин умуту жанып,ыраазы болгон! Себ
Каныкейдин эстелиги
Ош кичи районундагы Каныкей энебиздин айкелинин айланасын 2009-жылга чейинки абалын эч ким элестете албаса керек. Анткени, ал мезгилде аталган жер суусуз калган чөл сыяктуу томсорун, көзгө копол көрүнчү. Ошол учурда шаарга жаңыдан мэр болуп келген Мелис Мырзакматовдун демилгеси менен Каныкей энебиздин эстелигинин айланасы эс алуу багына айланып, биринчи жолу түстүү оргума орнотулган. Ошол күндөн тарта бул жер шаар тургундарынын, айрыкча, жаштардын көңүл ачуучу, эс алуучу жайына айланды.
#Мелисбек_Мырзакматов#улуттар_биримдиги