ЖАЛГЫЗ ҮЙДҮН АРМАНЫ
Кечир бизди , жалдыраба жалгыз тамым,
Кабар алып сурай албай алы жайың.
Карабастан жол боюна таштап сени,
Кылчайбастан таштап кетти алсыздарың.
Мен бул ырды жазууга мажбур болдум,
Баягыдай ушул үйдө чогуу жүрөм.
Капа болуп кайнатам үшкүрүндү,
Аздыр көптүр, бардыр мүмкүн менин күнөөм.
Кандай балам, өзүң абдан жүдөпсүң,
Жаштайыңан келген менин бүлөөмсүң.
Кыйналдым мен тынч жаталбай ойдолоп,
Үйдү таштап каяктарда жүрөсүң?
Эски үй деп чандыңбы же тоготпой,
Кара балам ит куштарды жолотпой.
Берген элек ишеним кат силерге,
Бекем сакта бекиткин деп жоготпой.
Кара балам, өзүң келип кара үйдү,
Кайран үйдү көрүп алып ичим күйдү.
Кароосу жок калат деп менин үйүм,
Кайдан билдим