КӨҢҮЛ АЙТУУ!!!
Бир эле кыргыз элине эмес, Орто Азия жана арап өлкөлөрүнө да таанымал, Куран кыраатынын чебери, мукам үндүү устаз Зиябидин Абдираим каары уулунун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, каары акенин үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына, чогуу эмгектенген Кыргызстан Ислам университетинин жамаатына, жер-жерлерде дин кызматын кылып жүргөн жалпы шакирттерине, ошондой эле каары акени сыйлаган жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Алла Таала каары акенин билип-билбей жасаган чоң-кичине күнөөлөрүн кечирип, Өзүнүн ырайымына бөлөсүн. Куранды жатка билген, үйрөнгөн жана үйрөткөн ыймандуу пенделерине убада кылган бейиштеги бийик даражаларды ыроолосун. Курандын нуру кабырын жарык кы