5- БӨЛҮМ
Ээн бөлмөдө отурган Керимдин кулагына жаңырган үндөн кайда качарын билбей кайпактап турду.
Түндө түш көрүптүр. Эчен жылдан бери бир да жолу түшүнө кирбеген цыган кыз кирген экен." Керим аке" деп ыйбаалуу кайрылчы эле. Түшүндө болсо негедир таарынгандай сүйлөдү." Сиз деле сүйүп баш аягыңызга карабай жалыныма күйбөдүңүз беле. Ал тургай үй бүлөмдү таштайм деп мен үчүн баарынан кечкенге даяр элеңиз. Анан кызыңыздын сүйүүсүнө кантип түшүнбөй калдыңыз? Кантип? Мен кызымды сизге ишенип таштабадым беле...". Керим болсо эч нерсе дей албады."Рамила, кечир мени, кечирип кой" -дейин десе кимдир бирөө тилинен бууп салгандай үн ката албайт. Цыган кыздын жалжылдаган көздөрү жакындап келе жатып кайрадан жоголуп кеткене ойгонуп кетти." Бул эмнеси? Рамиланын түшүмө кириши кандай?"
Райхан кеткенден бери көңүлү бир жерде болбой, жатса турса бушайман боло берчү болду. Ушинтип жалгыз каламбы? Эмне мынча кулак мурун кескендей жымжырт? Өзүмдүн колумдагы күйүп турган шамымды өзүм өчүрүп алдымбы? Райханым эмне кылып атты экен? Кечирер бекен мени? Анын келечеги үчүн ушул ишке барганымды түшүнөөр бекен?...
" Кетем! Эптеп жетермин. Баары бир бул үйдө мындан ары жашай албайм" Ушинтип ойлогон Райхан кайненеси менен базарга чыгып, анын көзү мындай болгондо атайы адаштырып качып жөнөдү. Кыжылдаган көп элди биричи көрүшү. Тез эле жүдөп кетти. Ошентсе да көзү көргөн жакка чуркап жөнөдү. Икрам аке адатынча чарпаяда чай ичип отурган эле. Атаңдан жетип келген кемпирин көрө сала, чочуп кетти.
-Эмне мынча кеч?
-Райхан... Райхан келбедиби?
-Сенин дениң сообу? Райхан сени менен кетпеди беле? Кана ал?
Аптыккан кемпиринен иштин чоо жайын түшүнөөрү менен Болотко телефон чалды.
-Ата мен иште отурганда телефон чалбагыла дебедим беле?
- Болот уулум, бизде чатак иш болуп калды.Тез келе калбасаң болчудай эмес.
-Эмне болду?
-Райхан жок! Базарга барып адашып кеткенби, айтор апаң экөө кетип...
Атасынан бул сөздү угаары менен ордунан ыргып турган Болоттун өңү кубара түштү.
-Кайда? Кантип? Ооба мен азыр барам.
Трубканы коё салып, алдында отурган кызматкерлерин да унутуп, кабинетинен атып чыкты.
-Болот Каримович...
Селдейген секретаршанын артына кыйкырганын да уккан жок. Машинеси айдап алып, түптүз көчөлөрдү теше тиктеп көп караандардын арасынан Райханын издеп бара жатты. Тез эле убакыттын ичинде ушу секелек кызга байланып калганын туюп өзү нааразы болуп жатты.
Бул учурда шаардын экинчи четинде көчөдө илкий баскан бир караан келе жатты.Кечкурун бульварга эс алганы келген элдердин көбүнүн көңүлүн бурган ушул кыз эле.Башындагы жоолугу чечилип суйролуп калганына да конул бурган жок. Кыздын жанда жок сулуулугуна суктанышып эркеги да , аялы да карап жатышты. Капкара тармал чачтары ийинден ары төгүлүп, кубарган жүзүнүн наары качып турса да, көздөрү укмуштуудай сулуу эле.
" Мына качып кеттим дейли. Анан Диязды кантип табам? Ал мени кантип табат? Ушунча элдин арасынан дарегин билбей кантип таба алам? Эмне кылам? Ансыз кантип жашайм?" Райхан өзүнө ушул суроолорду берип келе жатып, көзү караңгылай, теңселе түштү.
-Эй тигини кара!
-Жыгылган жатат!
Жандай салып өтүп бараткан эки жигиттин бири Райханга жете келип колунан кармай калды.
- Чоң кыз сизге эмне болду?
Чочуп кеткен Райхан түшүнөн ойгонгон сыяктуу силкинип алды. Эңиле тиктеп турган жигит өзүнүн кайниси Темир болчу.
- Жеңе? Сиз кайдан?
Райхан жооп берген жок. Тагдырдын буйругу аны кайрадан Болоттун үйүнө айдап барды. Керели кечке Бишкектин көчөлөрүнөн издей берип, чарчаган Болот, телефон чыр этээри менен көтөрө салды.
-Болот аке Райхан табылды! -деген иниси Темирдин унун угаары менен үйүнө жөнөдү.
Катуу мүнөз уулу дагы эмне кылып жиберет дегендей атасы тамагын жасап бир нерсе деп айтайын деп барып токтоп калды. Болот атасын "Ата бул ишке киришпеңиз" дегендей жалт карап алып ызырынган бойдон экинчи кабатка көтөрүлүп, бөлмөсүнө кирип барды.
Аялы дагы деле үнсүз телмирип отурган экен. Алкымын кысып келе жаткан ачуусу өзүнөн өзү тарап, Райханды көрөөрү менен үйрөтүлгөн азоодой жоошуй түштү. Акырын келип маңдайына отурду да, чачынан сылады.
-Бул эмнен ыя? Ушундай да кыласыңбы? Аз жерден жинди болуп кете жаздабадымбы. Жинди кылып бүтүрмөй болдуң го мени?
Райхан үнсүз. "Билгенинди кылып ал дегендей мелтейип отура берди.
-Кайда жүрөсүң дейм?
- Өзүм билем. Мени эмне туткундап алдыңыз беле?
Райхан ордунан ыргып турду да, тикчие карады.
-Райхан!
-Мен сиздин туткунуңуз эмесмин! деди тула бою калчылдай.
-Сени ким туткун деп жатат? Айтып же бирөө менен чыкпайсынбы көчөгө.
-Мен баары бир сиз менен жашабайм. Качып кетем мен... көрөсүз го ошентем! Уктуңузбу?!
Ый аралаш ушуларды айтып алды Райхан. Болоттун айласы эми чындап кетти. Чөгөлөй калды. Эчен ай жаркын сулуулардын ажарына арбалбаган Болот ушу жаш келинчегине тизе бүгөт деп ким ойлоптур?!
-Райхан, жаным бул эмне дегениң? Сен жок... сен түшүндүрчү кайда качасың? Сен менин аялымсың! Каалайсыңбы каалабайсынбы менин үйүмдө жашайсың!
- Сүйгөнүмө!
-Эмне-ее?
-Мени коё бериңиз. Мен минтип жашай албайм. Өлүп калам. Думугуп өлүп калам. Айланайын байке! Байке дебегенде эмне дейин?Ушуга чейин атыңызды да айталбай келем. Мен эркин жашаган адаммын! Суранам сизден коё бериңиз мени!
Эчкирип бутуна жыгылган Райханды эмне деп жоошутарын билбей, Болоттун эми чындап оозу ачылды.
- Болду!- капысынан кыйкырып жиберген Болот ордунан тура калып тамды муштап-муштап алды.
Дияз оруканадан чыкты. Бирок дагы деле оорусунан таза сакайып кете албады.Сулк жаткан калыбында жата берди. Бул аралыкта Аселдин да кирип чыгып алын сураганы көбөйдү. Кыздын көзүндөгү өзүнө болгон сезимин коруп "Кой, Асел айланайын, жакшы болуп калдым. Мындан ары келбей эле кой" деп айтайын деп баратып, бир чети кыздын сезимин аяган ал, өзү түшүнөөр деп жүрүп тескерисинче кыздын өртүн алоолоп күйгүзүп алганын билген жок.
- Өзүм жасадым агай, ичсеңиз кубат ала түшөсүз.
Айласыздан ордунан туруп кашыгын колуна алды.
-Даамдуу жасапсын. Рахмат! -деди суз гана.
- Асел садагам: сен кыйналбачы. Мени өзүң көрүп турасың. Жаратымдын үстүнө жарат кошпочу. Экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болушу мүмкүн эмес.
Асел жанталаша башын чайкап жиберди.
-Жок, ишенбейм. Баары бир жүрөгүм макул эмес. Эмнеге кичине болсо да мээримиңизге жылыткыңыз жок? Эмне үчүн?
Ушул учурда кыздык намысы, өзүнүн абалы жөнүндө ойлогон жок. Жүрөгүнө салган жалындын илебине өрттөнүп, ал жалыны менен алдындагы адамды да өрттөп жиберчүдөй.
- Асел!
-Түндө келем!
Агайынын колунан аяр сылаган кыз ушу сөздү айта салып эшикке чуркап чыкты. Дияз шалдыраган боюнча кала берди. Түн кирип карангылыктын кара туманы басканда эшик кыйч деп ачылганын туйду. "Ошол" деди жигит жүрөгү зырп эте. Эмне кылат? Жалынына ээ боло албай ээликкен кызды эсине келтирип кууп жибереби же кургак акыл үйрөтүп демин суутабы?
-Агай!
ун жок.
Жанына келип отура калган кыз агайынын бетинен сылап, назик эриндерин акырын тийгизди. Шарт бурулган Дияздын карылуу колдору кыздын титреген денесин кучактап бооруна кысты. Айланкөчөк болуп башы айланып баратканда да чагылгандай жарк этип Райхандын элеси тартыла түштү ( б у л ж а г ы т а м а м б о л д у д а)...
Ошондон бир ай откондон кийин аран Дияз ордунан турду. Эми бул жерде кала албайт болчу. Теңселе кол жээгине басып келди. Дияз тааныштары менен коштошуп бүтүп, Райханын тапкан ушул көлдүн жээгине келип отурду.
"Эмнеге? Жолукпай деле койбойт белек. Акырында минтип тирүүнүн өлүгү кылып алсыратып, жашоо кумарын өчүрүп томсортуп койгончо жолукпай койбойт белек."Бүк түшүп жыгылып, ичи туйлап , жаны кыйналып, бүт ааламды колунан келсе өрттөп жибергенге даяр эле.
Ушул учурда артынан Асел буту үзүлгөнчө чуркап келе жаткан. Чачтары өрүмүнөн жанып, далбас уруп келе жаткан кыз үнүнүн бардыгынча кыйкырып алды.
-Агай!
Бул кыйкырыкта жер солкулдай түшкөндөй болду. Эми карааны көзүнө илине бергенде, автобус келди да, жалгыз караан сиңип жок болду. Үмүтү таш капкан кыз бет келди жыгылып түштү. Дияз! Дияз! Дияз! деп ый аралаш шыбырап жатты.
Ошол учурда көптөн бери оюнда бүдөмүк болуп келген нерсени эстей салды. Ордунан туруп колу менен ичин сыйпалап жиберди." Чын эле боюмда болуп калса эмне болот?"
Үрөйү уча түшкөн кыз ыйлай берип чарчаганда үйүнө кайтты.
-Ээ Катыгүн сага эмне болду? деди апасы.
-Эч нерсе.
-Кантип эч нерсе?
-Кебетеңди карачы, бууган чүпүрөктөй болуп. Бас үйгө кир, жатып эс ал. Мен тиги кошунаныкына барып келейин.
- Макул апа.
Салима шалдырап үйүн көздөй баскан кыздын артынан көпкө чейин карап туруп, ары жөнөдү. Негедир кийинки убакта кызынын кабагы ачылбай, элге да аралашпай калганын ойлоду.
Кечинде Аселдин табити тамакка тартпай көпкө отурду.
Кызынын эптеп эле кашыкты кармап, уурттамыш болуп отурганын байкаган эне кабатырлана карап койду. Бирок дасторкон үстүндө атасы отургандыкта унчуккан жок. Акырын туруп кызы өз бөлмөсүнө жөнөгөндө гана артынан барды. Эшикти ичинен жакшылап жапты да катуу унчукту.
-Кана эми баарын айт! Өзү айтаар бекен деп күтсөм мелтейип унчукпайсың! Кана ичиңдеги бала кимден?
-Апа...
-Айт деп жатам!
Асел кетенчиктей берди.
-Эмне деп жатасыз? Эч нерсе жок ичимде!
Кызынын жаш баладай алдап турганына, бир чети аяп, бир чети жини келип турду. Көзүн карап көкүлүнөн сылап өстүргөн жалгыз кызымдын тагдыры талкаланып калбаса экен. Андан башка сөз айта албай, мизи кайтарылып эшикке жөнөдү.
Эми кандай кылат? Эл катары окууга тапшыра албасы да белгилүү болду. Андан көрө бул жерден качып кетиш керек.
Түш көрүп жатты Райхан. Көл жээгинде Диязы экөө жүрүптүр. Так эле мурункудай бактылуу жүздөрүндө күлкү ойнойт. Анан... Эзиле ыйлап, жүзүн жаздыкка жашырган жаш келинчегинин түшүндө сүйлөп жатканынан улам ойгонуп кеткен Болот эңиле карады.
-Райхан.- чачынан сылап, жүзүнөн өбөйүн дегенде
" Дияз, келчи мага, сагындым сени" деп түшүндө кобуранганы кулагына шак дей түштү. Денеси муздай тоңуп, кызганыч жүрөгүн куйкалап чыкты.Ошол түндү уйкусуз атырды. Мындай күндөрдүн эченин өткөрүштү. Кайнене кайната да өзүнчө бушайман. Мунун айынан баламдын да жашоосу тозокко айланды. Жүрөктү өрттөгөн жүз бергени менен, Жараткан жүрөгүнө мээрим бербеген экен го, деп өзүнчө кобуранган апасынын сөзүн Темир тык токтотту.
-Апа, кимди айтып жатасыз
-Нары турчу. Кимди эмне кыласың?
-Райханбы?
-Кайдагы Райхан. Сенин кулагың эмне болуп калган?- деп сүйлөшүп жаткан эне баланын сөзүн дарбазанын тарсылдаган дабышы бузду. Апасы ордунан туруп дарбазаы ачып, алдында турган бейтааныш, сымбаттуу жигитти көрдү.
-Силер кимсинер?
- Мен... мен Райханга келдим эле...
-Ыя?
-Райханга!
Дияз борборго келгенден бери уккан кабарлары боюнча издеп жүрүп Болоттун үйүн таап келген.
Кемпир түшүнбөй турдубу, же кир дээрин билбей, же жок деп айта албай буйдала түштү.
-Ким экен апа?
Артынан келе калган Темир да бейтааныш жигитке орой унчукту.
- Ким керек сага?
- Мага Райхан керек!
Экөөнүн сынай караган көз карашынан кыжыры келип кетти бейм, кыйкырып жиберди.
-Райханга келдим мен! Райханга... Райхан! Сен бул жактасынбы? Райхан!
Оо, Кудай! Түшүнөн кетпей зарыктырган үнбү? же жаңылыш уктубу? Элейген Райхан ордунан атып туруп эшикке чуркап чыкты.
-Дияз!
Эки жүрөк ун алыша онтоп жибергендей болду. Эч кимди көзүнө илбеген Райхан Дияздын мойнуна асыла жашып күбүрөп жиберди.
-Келдиңби? Мен билгем, келээриңди билгем.
-Жашоом менин! Шоолам менин!
Эч ким, эч кандай күч ажырата албачудай бири-бирине кыналышкан экөөнө өмүр, убакыт токтоп калгандай сезилди.
- Кетебиз, алып кетем!-деди жигит энтиге.
Райхандын жалындаган көздөрү ага жооп болду.
-Мен азыр, кийимдеримди жыйнап...
-Жок, ташта баарын.Баарын жаңыча баштайбыз.
Энтелеп Райханды колдон ала жетелей басты. Темирдин эми такыр чыдамы түгөнө кыйкырып жиберди
- Эй сен кимсин өзү? Келип эле алып кеткендей сага эмне бул кишилер чымын көрүнүп турабы көзүңө? Райхан эч кайда барбайт! Жулкунган Темирдин апасы безеленип кетти.
- Кой балам балакетти баштай көрбө.
- Райхан кеттик жаным!
Райхан үнсүз башын ийкеди. Кайненеси менен кайниси эсин жыйгыча Райхан менен Дияз кол кармашып жүрүп кетишти.
- Райхан токто!
- Жеңе!
Артынан кыйкырган үндөргө көңүл да бурушкан жок.
-Бул эмне деген жорук? Апам ай, эмнеге токтотуп калдың? Мен аны тим эле... Каап, Болот акемдин үйдө жок болуп калганын карасаң...- отуруп тура калып, жанын коёрго жер таппай жатты Темир ызырына.
-Эмне деген алаамат болуп кетти? Эл караган бетибиз жер карайт деген эмне жорук?!
Өзүнчө күбүрөнүп апасынын өңү купкуу. Бул учурда үйүндө Икрам аке да, Болот да жок эле. Капысынан болуп өткөн окуядан улам экөө шалдайып отуруп калышты. Темир болсо куду энчисин тарттырып жибергендей жаны чыга кызыраңдайт. Бир кезде ордунан учуп турду.
-Апа, сен эч кимге эч нерсе деп оозундан чыкпасын. Азыр эле мен балдарды топтоп барып жанагысынын. .. Эч капа болбо мен анын...
-Кой, кол тийгизе көрбө балам. Кокуй ай кайдагы балээ келе калды эле. Темир, угуп койчу мени... Токто дейм Темир!
Арасынын чырылдап колуна жармашканына болбой, Темир силкип салып машинесине отурду. Кан иччүдөй кыжынып баратты.
"Деле сенден келгенди көрдүм. Бирөөнүн аялын үйүнөн уурдай качат деген эмне жорук? Шашпа азыр сага көрсөтпөсөм Темир деген атым өчсүн!" Машинанын рулун оңду солду бурган Темир жаны күйүп күбүрөнүп бара жатты.
Бул учурда көздөрүнөн бакыт нуру төгүлгөн экөө кол кармаша кетип бара жатышты.
-Райхан!
-Ов.
-Кечирип кой асылым. Мен ошол күнү...деп бара жатканда "Кой антип айтпа" дегенсип алаканы менен оозун жаба салган Райхан жалооруй карады.
-Азыр түз эле апама барып, анан поездге түшүп алып, "Казакстан кайдасың?" деп жөнөп калабыз, бул жакта калбайбыз,- деди Дияз өрөпкүп.
Казакстангабы?
-Ооба. Ал жакта менин кичинемде бирге өскөн досум бар. Ишке орношконуна жардам берем деди. Бул жактан кетебиз. Баарын унутабыз. Ишенесиңби?
-Ишенем. Мага сен болсоң эле болду.
Райханга чындыгында эле анында турган дили таза, жүзү сүйкүм кымбат адамынан башка эч нерсенин кереги жок эле. Бүткүл дүйнөсү ушул адамдын карегине катылып калган эле. Апыл-тапылынан кирип келген Диязды көрүп Сания апа чочуй түштү.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев