ЦЫГАН КЫЗ
5- БӨЛҮМ
Ээн бөлмөдө отурган Керимдин кулагына жаңырган үндөн кайда качарын билбей кайпактап турду.
Түндө түш көрүптүр. Эчен жылдан бери бир да жолу түшүнө кирбеген цыган кыз кирген экен." Керим аке" деп ыйбаалуу кайрылчы эле. Түшүндө болсо негедир таарынгандай сүйлөдү." Сиз деле сүйүп баш аягыңызга карабай жалыныма күйбөдүңүз беле. Ал тургай үй бүлөмдү таштайм деп мен үчүн баарынан кечкенге даяр элеңиз. Анан кызыңыздын сүйүүсүнө кантип түшүнбөй калдыңыз? Кантип? Мен кызымды сизге ишенип таштабадым беле...". Керим болсо эч нерсе дей албады."Рамила, кечир мени, кечирип кой" -дейин десе кимдир бирөө тилинен бууп салгандай үн ката албайт. Цыган кыздын жалжылдаган көздөрү жакындап ке