Баш барда келет тууганың,
Баш жаздыктан тайганда,
Анан баары калат жыйганың.
Кайратың тоону бузсада,
Кашыгың көлдү сузса да.
Оозуңдан чыккан сөзүңө,
Зоокуланып учса да.
Эл менен сен адамсын,
Элден чыксаң жамансың.
Кабарың күнгө жетсе да,
Жылдызга колуң жетсе да.
Жараткандын дүйнөсү,
Бүт колуңа өтсө да.
Эл менен сен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксин.
Апасын коюп, аялын сөзүн уккандар!
Энесин коюп, жубайын бийик туткан бар,
Карынын баары, кайгысын ичке жуткандар.
Өлбөстөн туруп, башың менен жерге кир!
Апанын эмес, аялдын сөзүн уккандар!
Энеси жатса, алсырап үйдө ач калып,
Талаада жүргөн баласын ойлойт канчалык?
Эгерде бир күн жөтөлүп калса аялы,
Угушу менен жүгүрүп келет чаң салып.
Кеги жок эне, алсырайт алыс бара албай,
Уулунан сый-урматын көрө албай.
Байкуш арманда ыйлайт шолоктоп,
Караңгы үйдө жападан жалгыз калганда.
Үйгө мас келип, энесин көзгө илбеди,
Ичпедим Апа көп насаат айтпай үйгө кир деди.
Аңгыча болбой аялын көрүп жылмайып,
Кечирип койуң аялын ал да сиз деди.
Миң наалат сага, мас болуп эне караган,
Жан болбосун сага окшо