Той да болор,
тойдун эртеси да болор дегендей, көптөн күткөн поэзия кечем да болуп өттү. Ушундай
күндөрдү мага буйурган Кудайыма чексиз
шүгүр келтирем. Экинчиден ата-энеме чоң,
чоң рахматымы айткым келет. Бир айдан
бери, бассам-турсам ырларымы ичимен
кайталап жаттап, көпчүлүк элдин алдында
уят болуп калбасам экен деп жакшы өткөрүп алуга тырышып, аракет кылдым. Аракетим ишке ашып ойлогон ой,
максат-тилектериме жеттим десем болот. Анан да көрөрмандарымын, күйөрмандарымын,
окурмандарымын көп келгени мени абдан толкундантып, кубанычка бөлөдү. Албетте,
чыгармачылык инсандардын демине дем,
шыгына шык кошкон көрөрмандар, окурмандар эмеспи.
Менин бала
кезимен берки тилегим да ушул болчу.
У