( 15 тин уландысы)
Күнү - түнү тынбаган базар тирилиги, анын шарында аралашкан түркүн адамдар бири бири менен иши жок. Ар ким өз арабасын алынча тартып, бары барман менен жогу арман менен. Султанга окшогон башына тапса бутуна жетпегендер канча. Андайдын саны көбөйсө көбөйүп эле жатат азайган түрү жок. Улам көйгөйдөн көйгөй артып, элдин жону жукарып, аштык тапса баштык таппай, самаган ойлору кыялга айланып, өлбө жаным өлбө деп, үмүтсүз жашоого байланып, жашоодон жарык издегендер канча. Ошол жарык издегендердин бири Султан. Күнүмдүк тыйынга зор үмүтүн байлап, килейген чоң арабаны сүйрөп келери кечке иймеңдеп тынбайт. Кээде кара күчкө толо элек жаны кашайа түшөт. Бирок чыдайт. Чыкпаган жеринен тер чыгып, бүт денеси калчылдап, бир топко чейин ток урган адамдай алы куруп отуруп калган күндөрү болгон. Аны чоңдор кайдан билсин. Боор эти ката элек бала тонналаган жүктү ары бери кечке тартса не болорун. Ага баш ооруткан пенде жок. Алар үчүн кызыгы барбы.Кызыгы болгондо,балдар минтип көртирилик тербетпейт эле да.
Султан бир шам - шум этип алып, дагы эле эл аралап жүрүп улам чөнтөгүн сыртынан кармалап койот. Бүгүн эмнегедир апасы менен сүйлөшкүсү келип улам чөнтөгүндөгү телефонун кармалап койгон себеби ошол эле. Кыйылып жатып, апасы менен сүйлөшүп туруу үчүн гана арзан телефон алган. Ошонусуна кээде апасы менен сүйлөшкөндө чеги жок сүйүнүп, көңүлү куунак ишин уланта берет. Бүгүн дагы ошентти. Бирок апасынын сарсанаа болуп жатканына түшүнө бербеди. ,,Балам эмнегедир, түшүм бузулуп,сенден кыжаалатмын" десе ,, Мени ойлой берип башыңыз чарчаган да апа.Көп ойлонбоңуз,баары жакшы" деген менен Султандын да жүрөгүн бир нерсе өйүп турду. Неге экенин өзү да билбейт. Мурда мынтчи эмес эле.
Ой менен болуп, жай гана арабасын түртүп эл аралап бараткан Султанды бирөө далыдан түрткөндө чоочуп кетип артына кайрылды. Маңдайында тааныштай кычырабаса деле жарашыктуу жакшы кийинген шыңга бойлуу өзүнөн чоңураак бала күлүп карап турган эле. Бир аз таңыркай карап турган Султанга,
- Ой братан, тааныбай калдыңбы,?- деп күлгөндө гана Самарбек экенин тааныды.
- Өзгөрүп кетипсиң.Ырас айтам.
Экөө кучакташып көрүшүп, бир четке чыга беришти. Самарбек чындап эле өзгөргөн эле. Бир аз болсо да иши жүрүшүп, ташы өйдө кулай баштаган. Ошондонбу толушуп, бой тартып, бир аз кадыр күтүп дегендей өзгөргөн түрү байкалып турат.
- Дале араба түртүп жүрөсүңбү?
- Башка эмне кылмак элек.Өзүңчү?
- Мен бизнесмен болуп кеткем.
- Оо, кайда? Көрүнбөй калды десе.
- Башты иштетиш керек,башты братан.
- Жакшы, болсун,болсун.
Султан Самарбекке дале түшүнбөй аң - таң эле. ,,Кантип" деген суроону айталбай турганда Самарбек өзү мактанып кирди.
- Бир байкемдин дүкөнүндө иштеп жүрүп, мыктылыгымды байкап мага биротоло ишенип, мага өткөрүп берди.
Мына ошентип мини бизнесмен болдум калдым.
- Жакшы- деп угуп отурган Султан ,, дагы эле баякы апыртып сүйлөгөнү калган эмес окшойт" деп ойлонуп койду.
- Жумушчуларым бар,иш толтура,тыным жок.Баарын ары - бери деп эле жүрүп чарчайсын киши.Жакында бизнесим чоңойтсом ошондо мени тааныбай каласың братан, - деп шалактап күлүп, Султандын далысын таптап.
- Ии- дегенден башкага жарабаган Султан Самарбектин ушунчалык көйрөң экендигине таң кала карап тура берди.
- Тиги,ким,кайда,көрүнбөйт го?Карадым.
- Ажы.
- Ии, Ажы, ооба Ажы.
- Ал азыр окуп жүрөт.
- Аа,окуп жүрөт, кайда?- жактырбагандай күлүп Самарбек ишенип, ишенбей.
- Мектепте,окуусун улантып.
- Аа,кеткенби айылга?
- Жок.
- Анан.
- Апасы алып кеткен?
- Оо, койчу апасы өлгөн анын.
- Тирүү экен.
- Аа,өгөй апасыбы?
- Жок өзүнүн апасы.- Султандын эмнегедир кыжыры келе түштү.
- Эй, братан жөн сүйлөшчү.- деп Самарбек чөнтөгүнөн тамеки алып, түтөтө баштады. Султандын ан сайын итатайы тутулду.
- Жөн эле сүйлөп жатам.Апасы алып кетти.
- Ээ, мейличи,мага эмне. Ну,братан пака.- Султандын колун силкип- силкип жатып, - арабаңдын артынан жүрө бер- деп күлгөнчө узай берди.
Султандын чындап жини келди. Кыжырданып, Самарбек кеткен жакты карап анча турду. ,, Братан имиш" деди да дагы эл аралап, түйшүктүү ишинин жолуна түштү.
Самарбектин чындап эле колуна карга чычып калган болчу. Алдым - жуттум арам тамак менен ашташ болуп, ойлонбой басып калган мезгили эле. Ойку- кайкы болуп турган жаш курагында кой деген ажысы жок көйрөң жаны ого бетер болуп, чамгарактап дуулдап, теңсинбей калганы ошол. Ага түшүнүп түшүнбөсө да Султан териге түшпөдүбү. Ал да Самарбекке окшоп ,, мейличи" деп кыялында кол шилтеп койду. ,, Араба " деп бирөө токтотмойунча кете берди эл аралап. Демейдегидей ыңгайлуу жерде токтоп турбады. Кыял менен кете берди. Күн да кечтеп бараткан.
Султан ошол боюнча иш кылбады, Арабасын койчу жерге койду да тандырга жабылган нандан алып алайын деп нан жапкан жакка бурулду. Күндөгүдөй эки нан албай бирөөнү алды да четинен бир үзүм үзүп оозуна салды. Жай баса жашаган үйү жакка жөнөдү. Көчөдө эл сээлдеп калган. Бир убакта эле бир топ балдар бир баланы кууп тапырашып жанынан өткөндө чоочуп токтоп туруп калды. Булар кимдер, качкан ким ага дайынсыз эле. Көпчүлүктөн бирөө качкан балага жетип буттан чалып жыгытып тепкилей баштады. Жыгылган бала турганга үлгүрө албады. Калганы жетип барып көптөшүп кетишти. Султан эмне кылаарын билбей катып калган эле. Анан эле ,,бирөөнү көптөгөнү эмнеси, жардам бериш керек " деп чуркады. Ызы чуудан тепки жеп жаткан баланын үнү угулбай жатты. Султан жетип барып бир эки баланы жулмалап тартты болбоду. Алдуусу Султанды ары түртүп салды эле көчүгү менен отуруп калды. Тура калып дагы жармашты. Сүйлөнүп жатты.
- Жалгыз адамды баарыңар урганыңар туура эмес,өлтүрүп койосуңар.
- Сенин да өлгүң келип жатабы? - эми Султанга жабылышты. Аны да тиги баланын жанына түртүштү эле мүдүрүлүп барып тизелеп отуруп калды. Тепки жеген балага көзү түштү. Бети башы канга буланып, бала кыймылсыз эле. Аңгыча көчүгүнө келиштирип бирөөсү тепти эле учуп ордунан тура калды. Кармашууга даяр туруп, балдардын ар бирин карап жатты. Бирин да тааныбайт.
- Сасыган арабакеч, кул сага эмне жок.Жолуңда кете бербейсиңби- толмочунан келгени ич талаштыра муштады эле Султан эңкейе калды. Баш көтөргөнчө калганы.
- Токтоткула,.акмактар десе- деген чоң адамдын үнүнөн баары карай салып үлгүргөнү качып калды. Милиция экөөсүн араң кармап калды. Аңгыча машина келип дагы эки милиция түшүп экөөсүн колдон сүйрөп барышып машинага отургузушту. Султан тепки жеген баланын башынан жөлөп жардам бере албай убара эле.
- Тепкилеп өлтүрүп алып эми жардам берген болуп жатасыңбы,бас - деп Султанды да колдон сүйрөп жөнөдү.
- Жок байке жардам берейин десем мени да тепкилеп киришти.
- Актанба,чык машинага.
Султан артын карап канга буланып жаткан баланы бир карап койду. Ал балага жардам берип жакын барган адам болгон жок. Айланада адам көрүнбөйт. Эки милиция гана бири жазып, бири телефондо сүйлөшүп туруп калышты. Бир топто тез жардам келип баланы алып кетишти. Машинанын арткы эшигин ачып Султанды капшыра кысып отуруп жаткан милиция,
- Өлтүрүп тыныпсыңар, акмактар,түрмөдө чирийсиңер эми
- деп ансыз да кысылып отурган Султанды кыса эшикти тарс жаап дагы,- акмактар, - деп койду акырая карап балдарды. Алдыда отурганы кичине бурулуп, кырынан карап,
- Эмне катын талаштыңарбы ыя. Талашпай эле койбойсуңарбы шуркуялар толтура го.Көптөшүп бир адамды урганыңар эмнеси.Бул эмне деген кылмыш билесиңерби?
- Байке мен жардам берейин дегем.
- Сен жардам бергениңде тиги өлбөйт эле.Жардам бергем деп койот.
Султандын көзү алайып, жүрөгү оозуна кептелди. Башка сүйлөй албай койду. Жөн гана калчылдаган бойдон кете берди.
( уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 32
Чыгарманын уландысы болот. Кымбаттууларым силер бир дем менен окуп койосуңар, рахмат. Бирок мен окуяны каармандын өзүнөн уккум келет. Аны менен бетме - бет байланыш болбой калды. Телефон аркылуу аздык кылып жатпайбы. Сабр, окурманым баары жазылат !