ЭНЕ ТООК.
Жандуунун баарын эне жараткан десем каршы болбостурсуң окурманым. Кандай эне болбосун жүрөк түбүнө кичинекей жүрөкчө пайда болгондон баштап эне мээри ойгонуп, жүрөгү балам деп согуп, жанынан жан, канынан кан бөлүп, жан дүйнөсүн ага арнап калат эмеспи. Көзгө көрүнүп калганда мээри дайрадай толуп ташып, бооруна ката ар нерседен тооруй, көз карегинен айланып, жан соогалап жиберет го кургур эне. Өз жанын, абалын ойлобой өмүрүн түгөл арнаган жашоодо бирөө гана. АЛ-ЭНЕ.
Жараткан,, ЖАШОО" деген сценарий түзүп, аны аткаруучулар жандуу нерселер экен. Анын арасында АДАМ баласы да бар. Жандуулардан айырмалап, адамга акыл-эсти кошо берип, өз ролун аткарууда абийирине койуп койгон
ҮЧ КЕМПИР.
Жараткан берген жашоонун канчасын жашасам да ушул үч кемпир жөнүндө билгеним түк эсимден чыкпады. Чыкпайт дагы. Анткени алар үчөө үч дүйнө экен көрсө. Ара күндө чогуу отуруп сөз салышып калса мен алардын жанында даяр элем. Ошондо эле баяндардын кандайына карабай угууга кызыкдар экем. Бирок менин бул адатым үч кемпирдин бири Гүлсүн энеге жакчу эмес.
- Тур ары,сөз аңдыбай-деп силкине сүйлөчү.
Тыпыйган кичине бойлуу,төгөрөнгөн көздөрү элеңдей ойноктоп,жука эриндери эбиреп шашып сүйлөп, көйнөгүнүн этегин улам ары- бери кыла койуп,колу да тынч турчу эмес. Балдары Гүлсүн эне деп кайрылышар эле. Эне же апа дегендерин эч уккан эмесмин. Анын да себебин кийин билдим. Ки
Ө М Ү Р БИР К Е Л Е Т.
( 23 түн уландысы )
Жакшы адамга жаныңды чапсаң да аздык кылат ов. Дил билги Калый жол азыгын камдап койгонуна, качан жетишкенине таң калды Даркан. Жүрөгү элжиреп, ыраазычылыгын айтып бүтүрө албай коштошоордо Калыйды бекем кучактап, эки бетинен өөп,
- Жараткан жакшылыктарын гана ыроолосун сага алтыным. Жакшы адамдар силер болбосоңор кантмек элем,- деп бир чети эч качан алыскы жолго басып көрбөгөн жаны апкаарып турду.
- Буйурса баары жакшы болот. Кудай сүйгөн адамсың жөнөкөй, ак көңүл, мээрман, кең пейил.Ак жол.Кабарлашып тур.
- Албетте, барып эле байланышам.Сүйлөшүп турабыз.Баарына рахмат.
- Ишимден чыга албайм,эмесе өзүм алпарып узатып коймокмун
Ө М Ү Р БИР К Е Л Е Т.
( 22 нин уландысы)
Даркан короосуна кире үйгө карай баса берип токтоп калды. ,, Тамды сатпадым беле.Кимге? Акчасын алып кеттим го.Оо кудай ай,эми эмне болот?" Турган жеринде буулуга, эринин керте тиштеп, жаак эттери титирей бары жогунан айрылганына жүрөгү чыдабай, күчү көзүнө жетип, калчылдап ыйлап тура берди. Ата-энеси колдору каарып, мээр кошуп жууруп, кышын кынаптап койуп тургузуп, балдарын алпейлеп чоңойткон үйдү, бактылуу балалыгы өткөн турагын сатып кетпеди беле, баламды деп. Эми даап кире албай турбайбы.
- Ай Дакы кызым келдиңби?- чыга бериште дубалга таяна бүт кийимин кийип аткан Нуржаннат Дарканды көрүп калып. ,, Оо кудай ай ушул
Кечир мени...
Мен сага бул сапар баралбадым,
Тагдырдын тардыгынан карайладым.
Замандын чыйырына чырмалышып,
Мен анын мыйзамынан чыга албадым.
* * *
Бугумду адатымча төкмөк болгом,
Чарчасам да алыскы сокмок жолдон.
Кечир мени каралдым, сагына тур,
Азырынча, эркибиз кеткен колдон.