Бишкек акырындап чоң айылга айланып бараткандай таасир калтырат. Кайда барба Мамайдын көрү: социалдык жана транспорттук инфратүзүмүнүн жоктугу, негизги коммуналдык кызматтардын – газ, суу, канализациянын жетишсиздиги. Бул чети гана. Мындай маселелер жаны конуштарда гана эмес, Бишкектин өзүндө да жык жыйма. Шаардын кеңейиши менен укуктук чыр-чатактар да күчөйт. Ал эми муну болтурбоо үчүн илимий жактан негизделген шаар куруу саясаты керек. Ал эми буга ар бир жарандын катышуусу абзел. Ошондо гана биз сыймыктана турган борбор шаарды кура алабыз. https://www.youtube.com/watch?v=yRHe2J4tTgI&t=196s
Бийликтеги мындай адамдын турушу чынында эле биринчи жолу болуп жаткан жок. Акаевдин учурунда дагы Малабаев, Керексизов өңдүү кишилерди, андан кийинки президенттердин тушунда Ширшов, Икрам Илмияновду айтып келишкен. Мындай адамдар демократиялык институттар, бийликтин институту иштебеген мамлекеттерде пайда болот. Бизде бири-бирин көзөмөлдөгөн бийлик институттары калыптанган эмес. Тескерисинче, 2020-жылдан баштап президенттин администрациясы эбегейсиз чоң бийликти мыкчып алган. Мыйзам чыгаруу органына чейин кийлигишип, өкмөттүн ишине кийлигишип, сот бийлигин да тейлеп, жергиликтүү бийликти дагы толук көзөмөлдөп алган. Сөзсүз түрдө президенттин айланасындагы кандайдыр бир адамга, айрыкча каржы
-- Өлкөбүздөгү сөз эркиндигинин абалына кандай баа бересиң? -- Cөз эркиндиги начар абалда. Активист, саясатчы, блогерлерди камай берип, эл өзүн өзү тескеп ка...
Бишкек үчүн жок жерден спутник шаарларды куруу эмес, чындыгында көптөн бери ушундай роль ойноп келген азыркы кичи шаарларды өнүктүрүү туура багыт. Үлгүлүү мисал катары Кант шаарын алсак болот. Аны өнүктүрүүнүн негизги элементтеринин бири - борбор менен транспорттук байланыштын ылдамдыгы жана таза экология болуп эсептелинет. Эң негизгиси, адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу инфраструктура болушу кажет. Жакында Кант шаары дал ушундай жайга айланат деген үмүт бар. https://www.youtube.com/watch?v=1GbkZ3P8YiE&t=4s