Аялдын акылдуулугу эркектин акмактыгын кечире билгендигинде.
Эркектин күчтүүлүгү аялдын алсыздыгын түшүнө билгендигинде.
Эркекти сүйүүнүн кажети жок, аны түшүнүү гана керек.
Аялды түшүнүү мүмкүн эмес, аны сүйүү керек.
Ааламда аял заты болбогондо акча эч кандай мааниге ээ болмок эмес.
Акылсыз эркектин алдында акылдуу аял болгончо, акылдуу эрдин артында акылсыз болгон дурус.
Күчтүү эрдин аялы эркек болот, эрксиз эрдин аялы эркек болот.
Эркекке сүйгөн жарашат, аялга күлгөн жарашат.
#интернет_булактарынан
Жыл өткөн сайын ызы чуудан оолак болуп, жан дүйнөңдүн тынчтыгын каалап, тынч жашоону эңсеп калат турбайбызбы! Ананчы! Жаштыктын курч, өрт мезгилин акырындык менен басып өтүп, жашоонун башка чоң этабынына баратканыбыз айтпасак да байкалуу.
Кармаганды коё бербей, тиштегенди үзүп анан жайына койгон, керек учурда өзүңө өзүң туруп берген, эч кимге тепсенди кылбай, баа-баркың үчүн күрөшкөн өрт куракты кечирдим.
"Өзүңдү бас! Баары артта калды. Токтон эми! " - деген дабыш көкүрөгүмдөн үн катат.
Учурунда созолонуп, күлүмсүрөп, сөз кайтармак түгүл, уккан сөзүңдөн маани-маңызын кийин түшүнүп, "Каап! Ушинтип жооп бергенимде болсок беле" деп эрин тиштеп калган боёо курагым