*Жубайымды кайрадан сүйүп калдым!*
Он жылга чукул бирге жашагандан кийин,келинчегим урушчаак болуп,көп ооруп калды. Андай мүнөзү мага жакпай баратты. Үйгө келсем кабагы бүркөө, балдарыма кыйкырып сүйлөйт. Кыскасы,аялыма көп көнүл бургум келбей, интернет менен алек болуп, аяктагы сулуу кыздардын сүрөттөрүн тиктеп,суктанып жатчу болдум.
Аялым мага сүйлөсө же телефон чалса кыска нуска жооп берип кутулгуча шашчумун... Бир күнү жумуштан келсем,үйдүн ичи таптаза, балдар өз бөлмөсүндө ойноп жатышат. Аш үйдө тамактын жыты буркурайт. Бөлмөмө кирсем,аялым терезенин жанындагы креслодо уктап калыптыр.." Байкушум мени күтүп отуруп уктап кетти го"-деп ичим жылый түштү. Бир саамга аялымдын жүзүнө