СЕН ЖАШАЧЫ СЕЗИМДЕ
Сен жашачы сезимдердин ичинде,
Кулагыма шыбыр айтып түшүмдө.
Алтын түскө оролуп кел асылым,
Сагынганда саргыч ушул күзүмдө.
Сен жашасаң башкаларга орун жок,
Сыздап турган жүрөгүмдүн ичинде.
Бекитейин ай-жылдызга жашырып,
Билгизбестен көөнү бузук кишиге.
Сен жашачы карегимде бар болуп,
Сагындырып көктөн карап ай болуп.
Жүрсөң дагы алыстарда бир өзүң,
Жүрөгүмө дарысы өзүң жар болуп.
Сен жашачы ырларымда жазылып,
Карегиңден ыйлабастан басылып.
Бүрлөрүңдөн мага карап күлүп кой,
Бакчамдагы гүлүм болуп ачылып.
Сен жашачы үмүтүмдүн ичинде,
Улап үзбөй, көңүлдөрдүн учугун.
Сыйлашалы камчы саптай өмүрдө,
Бирге сүрүп махабаттын кызыгын.
М. А. (Мамат Алай)