АЙЫБЫМ МЕНИН ЭМНЕДЕ
(суроо боюнча жазылды)
А балким оорун берип жүрөгүмдөн,
Азапты өзүм тартып жүргөнүмдө.
Ай өтүп жылдар кошо аккан менен,
Айыбым сени унутпай сүйгөнүмдө.
Тагдырым тайкы болуп бир кездеги,
Турмуштун бороонунда турдум эле.
Талаанын түр гүлүндөй өңүм өчүп,
Талпынып сага жетпей калдым неге.
Сезимим күзгө айланып дирилдеген,
Жалбырактай шуулдайт бириндеген.
Опколжуп бир нерсени сезген өңдүү,
Ойлорум көлгө чөгөт билинбеген.
Жалгызмын көл жээгинде сени күтүп,
Жүдөдүм дарак өңдүү барким түшүп.
Жамгырдай дыбыраган ойлорумдан,
Жүрөгүм барат билбейм неге үшүп ?
Кыйналдым бороонго чыдап өзүм,
Кусалык улам каптап көөдөнүмдү.
Келсе деп шамал менен аралашып,
Кутөмүн көл жээгинде сү