УУЛУМ, МАГА ОКШОБО.
Эми гана алты жашка толгон уулумдун берилип сүрөт тартып жатканын көрүп жанына бардым:
-Уулум, эмненин сүрөтүн тартып жатасың?
-Сизди, апамды жана өзүмдү- деп сүрөттү мага карматты.
Сүрөткө көңүл бурсам, өзүнүн жана менин жүрөгүмдү кара өң менен боёптур.
-Уулум, жүрөк кызыл менен боёлот. Мына бул калем менен боёш керек.
-Мен билем.
-Анда неге кара өң менен боёдуң?
Ал мени айыптуу карап:
-Чоң апамдын айтышынча башкаларды ыйлаткан адамдардын жүрөгү кара болот экен. Сиз кечээ апамды ыйлаттыңыз, го?-деди.
Уулумдун сөздөрүнөн, кечээ күнү дилкаралык менен аялымды урганымды эстеп, уялып кеттим. Ошентсе да, сөздү буруп:
-Анда өзүңдүкүн неге кара менен боёдуң? Же сен да бирөөнү
Жылмайып коюнуз))) Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.-Кыбыла кайда?Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт-Кыбыла кайда деп жатам!?Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.Агасы:- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
*****