Урматтуу мусулман бир туугандар, келе жаткан ыйык
Курман Айт майрамыңыздар кут болсун. Аллах таала баарыбыздан бул күнү кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Айт күнү жыл сайын кайталанып, мусулмандар бул күндү кубаныч менен өткөрүшөт. Айт деген сөздүн тилдик мааниси“кайталануу” дегенди түшүндүрөт. Байы да, кедейи да, жашы да, каарысы да калбай бүт баарысы кубанычта болгондуктан жана бул абал жыл сайын кайталангандыктан бул күн – Айт күнү деп айтылып калган. Өзгөчө Курман Айт –күндөрдүн эң ыйык күнү.
Аллахтын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам):
“Аллахтын алдында күндөрдүн эң улуусу – курмандык чалынган
(Айт) күнү” – деген. Ал эми Пайгамбарыбыздын:
“Күндөрдүн эң улуусу жума күнү” деген сөзү – жума күнү бир жума ичиндеги күндөрдүн эң ыйыгы экендигин билдирет. Курман Айт күнү – жыл ичиндеги күндөрдүн эң ыйык күнү.Ошондуктан биз сиздерге жыл
ичиндеги эң улуу күн болгон Айт күнүнүн адептери жөнүндө айтып
беребиз. Алар төмөндөгүлөр:
Айт күнү мусулмандар менен биргеликте жамаат болуп намаз окуу милдет. Эгерде үзүрлүү себептер болбосо, анда аялдар да Айт
намазына барууларына уруксат. Аллах таала ыйык Куранда айтат:
“Эми сен Роббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал”.
(Каусар сүрөөсү 2-аят)
Бул күнү гусул алып, кооз кийимдерди кийип, жыттуу атырларды
себинип намазга чыгуу керек. Намаз окулуучу жайга жөө басып
баруу сүннөт. Али (радыяллаху анху): “Айт намазга жөө басып баруу сүннөт”– деген. (Тирмизи)
Айт намазга барууда жана кайтууда ар башка жолдор
менен басуу да Пайгамбардын сүннөтүнөн. Жаабир ибну Абдуллах
(радыяллаху анху) риваят кылат:
«Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Айт күнү намазга бир
жол менен барып, кайтып келатканда башка жол менен келчү» - дейт.
Аалымдар Пайгамбарыбыздын эмне үчүн мындай кылгандыгынын
себебин төмөндөгүчө чечмелешкен:
1) Көбүрөөк адамдарга салам берүү үчүн;
2) Анын берекеси эки жолдо жашаган адамдарга да жетүүсү үчүн;
3) Кээ бир адамдарга жолугуу үчүн;
4) Исламдын жөрөлгөлөрүн адамдарга жарыялап көргөзүү үчүн;
5) Эки жүздүүлөр Исламдын баалуулуктарын көрүп ичтери күйүүсү
үчүн;
6) Намазга барууда баскан кадамдарын көбөйтүү үчүн кылган деп
айтышат.
Анткени намазга барып үйгө кайтып келгенге чейин баскан ар бир
кадамы үчүн бирден күнөө кечирилип, даражалар көтөрүлөт.
Бул күндүн аткарылчу иштеринен дагы бири такбирлерди айтуу. Арафа
күнүнүн таңынан баштап Айт күнүнүн акыркы күнүнө чейин такбирлерди
айтып зикр кылынат. Аллах таала Куранда айтат:
«Саналуу күндөрдө (Арафа күнүнүн таңынан баштап Айт күнүнүн
акыркы күнүнө чейин) Аллахты зикир кылгыла».
(Бакара сүрөөсү 203-аят)
Жолдо баратканда, базарларда, адамдар көп топтолуп турган жерлерде
Айт күнүнүн жөрөлгөлөрүн билдирүү үчүн жана аны жандандыруу үчүн
үнүн бийик көтөрүп такбирлерди айтуусу эркек кишилер үчүн мустахаб.
Имам Бухари айтат: «Ибну Умар менен Абу Хурайра экөөсү Зул-Хижжанын алгачкы күнүнөн баштап эле базарларга барып такбир айтышчу эле, адамдар да аларга кошулуп такбирлерди айтышат эле».
Такбирлер төмөндөгүчө айтылат:
“Аллааху Акбар, Аллааху Акбар,
Лаа илаха илла-Ллах,
уаллааху Акбар, уаллааху Акбар,
уа лил-лаахи аль- хамд”.
Айт намазы окулгандан кийин курмандык үчүн жандык союу.
Пайгамбарыбыз айткан: "Кимде-ким Айт намаздан мурун жандык сойгон
болсо, анда ал кайрадан (башка жандык) сойсун". (Бухари)
Курман Айттын 1-2-3-күндөрү курмандык чалууга болот.
Курмандыкты 1-күнү сойуу абзелирээк. Айт намазы окулган жерлерде
курмандык Айт намазынан мурда союлбашы керек. Бул Пайгамбарыбыздын буйругу. Курмандыкты Айттын үчүнчү күнү күн
батканга чейин сойуу керек, андан кийин сойулган мал курмандыкка
жарабай калат. Курмандыкка союлган жандыктын этинен жеп даам татуу
керек. Курмандык чалам деген адам намазга эч нерсе жебестен чыгып
келип, курмандык союп анын этинен жеш – мустахаб.
“Аллахтын Элчиси Курман Айт намазына барып келгенге чейин эч
нерсе жебестен келип курмандыкка сойгон жандыгынын этинен жейт
эле”. (Заадуль Маад)
Айт күнү мусулмандар бири-бирин куттуктап, кылынган ибадаттарды
кабыл кылуусун Аллах тааладан сурап дуба кылуусу керек. Намаз
окулган жерде, көчөдө баратканда жана бардык жерлерде мусулмандар
менен кол алышып көрүшүп күнөөлөрдүн кечирилишин Аллахтан сурап
Андан үмүт кылуу да Айт күнүнүн адептеринен. Айт күнүнүн берекеси
менен ыймандуулар бири-бирине мээрими түшүп, мусулмандарды жакшы көрүү сезими пайда болот. Себеби Аллах таала мусулмандарды бир орунга, бир максатка топтоду. Айт күнү туура эмес иштерди
аткаруудан сак болуңуз! Көпчүлүк адамдар төмөндөгү каталарды кылган
учурлар көп кездешет. Сиз мындан этият болуңуз.
1 – Улуу Айт күнүн пайдасыз сөздөр жана иштер менен өткөрүп
жиберүүдөн сак болуңуз. Мисалы: Музыка угуу, кино көрүү, жакын тууганы болбогон аялдар менен аралашып жүрүү, аларды кароо ж.б. бардык күнөө болгон жанаубакытты текке кетирген иштерден тыйылыңыз.
2 – Ысырап кылуудан сактаныңыз. Артында пайдасы болбогон нерсеге
убактыңызды жана акчаңызды коротпоңуз. Себеби Аллах ыйык
Куранда айтат: «Ысырап кылбагыла! Анткени Аллах ысырап
кылуучуларды жакшы көрбөйт». (Аньаам сүрөөсү 141- аят)
3 – Кабырларды зыярат кылууну атайын Айт күнүнө белгилеп алуу да
чоң жаңылыштык. Айт күнү – кубаныч күнү. Аллах таала бул күндү майрам кылып берген. Ал эми кабырларды зыярат кылуу менен кайгы-капага батуу– Пайгамбардын кылган сүннөтүнө каршы келет.
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Айт күнү намазга бир жол менен барып, башка жол менен кайтып келет эле. Жолдо жолуккан ар бир адамга салам айтаар эле. Жолдо барып кайтуусунда эч бир кабырды зыярат кылган эмес. Бараа ибну Аазиб (радыяллаху анху) Пайгамбарыбыздан риваят кылат. “Бул күнү эң алгач кыла турган ишибиз – Айт намазын окуу, кийин кайтып келип курмандык чалуу. Кимде-ким ушундай кылган болсо, анда ал биздин сүннөттү кылган болот” – деген. (Сахих Бухари)
Кабырларды бул күнү зыярат кылуу – сүннөткө каршы келет. Бул шайтандын азгырыктарынан. Шайтан адамдарды Пайгамбарга ээрчүүдөн тосуп, анын ордуна башка бир жөрөлгөлөрдү пайда кылат жана ушул да динден деп азгырат.
Натыйжада, адам ушул нерсе динде бар, муну кылсам сооп табам деп кылып күнөөкөр болуп калат. Ошондуктан биз Пайгамбар көрсөткөн иштерди гана аткарышыбыз керек.
Жашообуздагы ар бир иште шарияттын өкүмдөрүнө ыраазы болушубуз керек.Аллах таала айткан: «Чындыгында ыймандуулардын араларында өкүм берүү үчүн Аллахка жана Анын Элчисине чакырылганда, алардын сөзү:“Уктук жана моюн сундук”,–деген гана сөз болот. Мына ошолор – ийгиликке жетүүчүлөр». (Нуурсүрөөсү, 51-аят)
Кыскасын айтканда, бир тууганым, бул күнү жакшы иштерди кылууга,
туугандарды зыярат кылууга болгон күчүңдү жумша. Көралбастык,
кекчилдик ж.б.у.с. жаман сыпаттарды ташта. Жүрөктү тазартып,
кедей-кембегалдарга жана жетимдерге боорукерлик кыл, алардын да жашоосуна кубаныч кирсин. Ошондой эле Аллахты көп-көп зикр кылууну утутпа!
Аллах таала жакшы көргөн жана ыраазы болгон иштерди кылуубузду
бизге насип кылсын. Бизди динине бекем кылсын. Бул күнү
баарыбызды жакшы иштерди кылгандардын катарына кошуп,
Өзүнүн жакын пенделеринен кылсын!
Аллах таала баарыбыздын кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын!
Санжарбек Тыныбек уулу
_______________
© ИсламОнлайнKG
– Ok.ru/islamonlinekgz – Facebook.com/islamonlinekg – Instagram.com/islamonlinekg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев