ЖООП. Шейх Солих ибн Фаузан аль-Фаузан Ашура күнү тууралуу жооп берип айтты:
Ибн аль-Каййим (Аллах аны Өз ырайымына алсын) өзүнүн “Зад аль маъад фи хади хайриль ибад” аттуу китебинде бул тууралу мындай деген:
“Ашура күндүн орозосу үч түрдүү болот.
Биринчиси жана эң жакшысы: Үч күн орозо тутулганы, ал – Мухаррам айынын тогузунчу күнү, онунчу күнү жана он биринчи күнү. Эң жакшысы ушул.
Андан кийинки мартабадагысы – тогузунчу жана онунчу күндөрү орозо тутулганы.
Андан кийинкиси, онунучу жана он биринчи күндөрү орозо тутулганы деп келет”.
Булардын бардыгында чоң жакшылык бар. Эгер бирөө бир эле Ашура күнү орозо кармайм десе – буга дага уруксат.
Бирок Пайгамбар (салла Ллаху алейхи ва
АШУРА КҮНҮ ДЕГЕН КАНДАЙ КҮН?
Ашура күнү – Мухаррам айынын 10-күнүнө туш келген күн. Быйылкы жылы 11-октябрга туура келет.
БУЛ КҮНҮ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК?
Ашура күнү орозо тутуу сүннөт болуп саналат. Анткени Аллах Таала ушул күнү Муса пайгамбарды Фираун жана анын аскеринен куткарган. Ошол себептен улам Аллахка шүгүр кылуу максатында бул күнү орозо тутуу сүннөт.
АШУРА КҮНҮНҮН ОРОЗОСУ ТУУРАЛУУ ШАРИАТТА КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР КЕЛГЕН?
Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде Пайгамбардан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал: «Ашура күнүндөгү орозо – өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүт кыламын»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)Б
АЛЛАХТЫН КЕЧИРИМИНЕ ШАШЫЛГЫН
Аллах Таала адам баласын алсыз кылып жаратты. Эгерде адам алсыздыгын кубаттаган Ислам динин карманбаса, анда күнөөнү билип да же билбей да кылуусу мүмкүн. Мына ошондуктан Аллах Таала Өз пазилети менен шариатында тообо кылуу жана истигфар айтууну буйрук кылган. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи уа саллам) айтат: «Адам баласынын баары ката кетирүүчү, ката кетирүүчүлөрдүн жакшылары – тообо кылуучулар». (Ибн Маажа)
Ошондой эле Аллах Таала Өз китебинде айтат: «Ким бир жаман иш (күнөө) кылса же өзүнө зулумдук кылып алса, кийин (артынан) Аллахтан кечирим сураса, анда Аллахтын Кечиримдүү, Мээримдүү экенин табат». (Нисаа сүрөөсү, 110-аят)
Пайгамбарыбыз (саллаллааху ала
Ассаламу Алайкум! Момун-мусулман бир туугандар, кирип келген ыйык «КУРМАН АЙТ» майрамыңыздар мубаарак болсун! Элибизде жерибизде ар-дайым тынчылык, аманчылык, бейпилчилик, токчулук молчулук, ар-бир үй-бүлөдө береке тынчтык, жүзүбүз жарык, жүрөгүбүздө ыйман, заманыбыз тынч, чалган курмандыктарыңыздар кабыл болсун, ибадатыңыздарды жараткан Аллах кабыл кылсын!
Дагы бир жолу Айтыңыздар маарек болсун!
Ассаламу Алайкум!
«ИСЛАМ ДИНИ»
ЫРЫСКЫ ЖАНА АГА АЛЫП БАРУУЧУ СЕБЕПТЕР
Бул жашоодо ар бир адам баласы ырыскыга жетүүгө тынбай аракет жасайт. Кээ бирлери өз ырыскысын туура себептер аркылуу таап жатышса, а башкалары туура эмес себептер аркылуу табышууда. Ырыскы издейм деп өзүлөрүнүн бул дүйнөгө эмнеге жаралганын унутуп койгондору да жок эмес.
Аллах Таала айтты:
«Мен жиндер менен адамзатты жалгыз Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым». (Зарият сүрөөсү, 56-аят)
Ырыскыга жетүүнүн да жеке шарттары, себептери жана адал жолдору бар.
Аллах Таала айтты:
«Ал силерге жерди баш ийдирип койду. Анын бүт тарабына баргыла, (Аллахтын адал) ырыскыларынан жегиле жана Ага гана кайра тирилип кайтабыз». (Мульк сүрөөсү, 15-аят)
Башка аятт
КУРМАН АЙТ КҮНҮНҮН АДЕПТЕРИ
Урматтуу мусулман бир туугандар, келе жаткан ыйык
Курман Айт майрамыңыздар кут болсун. Аллах таала баарыбыздан бул күнү кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Айт күнү жыл сайын кайталанып, мусулмандар бул күндү кубаныч менен өткөрүшөт. Айт деген сөздүн тилдик мааниси“кайталануу” дегенди түшүндүрөт. Байы да, кедейи да, жашы да, каарысы да калбай бүт баарысы кубанычта болгондуктан жана бул абал жыл сайын кайталангандыктан бул күн – Айт күнү деп айтылып калган. Өзгөчө Курман Айт –күндөрдүн эң ыйык күнү.
Аллахтын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам):
“Аллахтын алдында күндөрдүн эң улуусу – курмандык чалынган
(Айт) күнү” – деген. Ал эми Пайгамбарыбыздын:
“Күндө