Геморрой менен циститке дары болгон бөлмө гүлү
Эл ичинде акча дарагы же “толстянка” аталган бөлмө гүлү көпчүлүгүбүздүн терезебизди кооздоп турат. Айрымдар бул гүл байлык жана бардарчылык алып келерине ишенишет. Ошондой эле аны дарылоо каражаты катары колдонгондор да бар. Негизи эле бул гүл өзүнүн көрүнүшү менен кичинекей даракка окшоп тургандыктан, кооздук үчүн аны көптөр өстүрүшөт.