КЫЗЫЛЧАНЫН ПАЙДАСЫ! КЫЗЫЛЧА ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛАЙТ ЖАНА ЖАШАРТАТ!
Адамдардын сүйүктүү азыгы
Кызылча өзүнүн пайдалуулугу жана дарылык касиети менен элдик медицинада кеңири колдонулуучу азык. Ал адамдардын эң таттуу, эң көп колдонулган сүйүктүү азыгы. Кызылча адамдын организмине керек болгон витаминдерге жана минералдык заттарга бай. Анын курамында В, С, А витаминдери көп, ал эми минералдык заттары йод, магний, кальций, темир болуп эсептелет. Алар тамак сиңирүүгө, ден соолукту бекемдөөдө чоң роль ойнойт.
Жалбырагынан баштап тамырына чейин пайдалуу
Кызылча С витаминдин, жез жана фосфордун негизги булагы. Ошондой эле организмдеги керексиз улуу заттарды чыгарып турат. Анын жалбырагы А витамини