#ДУБА БИЛБЕГЕНДЕРГЕ БУЛ БАТАНЫ (дубаны) ЖАТТАП АЛУУНУ СУНУШ КЫЛАБЫЗ....:
Оо Жараткан АЛЛАХ!
Бу дүйнөдөн өткөн улуу Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхисалам баш болгон бардык момун мусулмандарга мээримиңди чач.
Алардын ичинде ата-бабаларыбыз менен эң жакын адамдарыбыздын билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирип, жандарына Жаннатыңдан жай бере көр.
Дүйнө жүзүнө, эли-журтубузга тынччылык, аманчылык, бакыбат жашоо бер.
Ар бирибизди ыйман жолуна салып, эки дүйнөнүн бактысын бер.
Өзүбүзгө айныбас акыл, унутулбас билим, көөнөрбөс нарк, адал мээнет, ообос оомат, кетпес дөөлөт бер.
Өзүмдөн мурда өзгө деп, мен дебей эл деп жашаган ниеттен ажыратпа.
Бала-бакырабызды өзүбүздөн артык кылып, урматын көрсөт.
Кү
5 ИШТИ АТКАРМАЙЫНЧА УЙКУГА ЖАТПАГЫН!
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (с.а.в) Алини (р.а) жанына чакырып, ага мындай деди. Бул 5 ишти аткармайынча төшөккө жатпагын:
. Куранды толук окумайынча.
. 4000 дирхамды саадака бермейинче.
. Каабаны зыярат кылмайынча.
. Бейиштен бир орунду ээлемейинче.
. Ыза бергендеринди ыраазы кылмайынча. _Ошондо, таң калган Али (р.а):" Мен булардын баарын кантип аткарам"-деп сурады._ _Пайгамбарыбыз (с.а.в) минтип жооп берди:_
. Ихлас сүрөөсүн 3 жолу окусан Куранды толук окуган болосун.
Окулушу:
*Кул хуваллааху ахад. Алоохус сомад. Лам йалид ва лам йууллад ва лам якун лаху куфуван ахад.* Котормосу: _Айткын:Аллах Жалгыз! Аллах эч кимге мукта