Түркиядан сонун жаңылык!
Сүйүнчү, жакшы адамдарым!
“УЛУУТООДО - АЛА-ТОО ҮНҮ”
Бүгүн Түркиядан жүрөк сүйүнткөн сонун кабар алып, сиздер менен бөлүшкүм келди.
Сиздер билген (жакында КР Президентинин колдоосу менен Маданият министрлиги, Жазуучулар союзу чыгарган) “САРАЛА” повестим ж.б. ангемелер, ырлар түркиялык акын, жазуучу калемдештерибиз Хайреттин Язычы менен Хусейин Гөзелоглу тарабынан түрк тилине которулуп кыргыз, түрк, орус (орус тилинде которгондор Гүлнара Эмил, Нурэл Алмасбеков) - 3 тилде “УЛУУТООДО АЛА-ТОО ҮНҮ” деген аталышта китебим жарык көргөнүн сүйүнчүлөштү!
О.э. Хайреттин Язычынын сиздер билген (мен которгон) “КЫРК ИЛМЕК” китеби да 3 тилде жарык көрүптүр!
Кандай сонун!
Түр
Бизден жаңы ыр. Тыңдап коюңуздар
Коштошуу ыры
Көктөмдөй нурум чачтым бүрдөбөдүң,
Жолуңдан ырдап чыктым... үндөбөдүң,
Бир угум добушуңа чаңкап турсам,
Сүрөттөй тиктеп турдуң, сүйлөбөдүң...
Өзүң деп сароорудан узак ооруп,
Өксүдүм, көкүрөккө куса конуп,
Өкүнүч, өксүк менен өрүлүшүп,
Өрттөндүм, өчтүм анан ыза болуп.
Артынып өмүр бою азабыңды,
Сарооруп, өксүп өңдөн азарымды
билчүбүз... Бирок кечир, кайдан билдим,
бир күнү коштошуу ырын жазарымды..
Ж.Исабаева.
Биринчи жолу!
Мамлекеттик каражат менен, т.а. Президентибиздин камкордугу, өкмөттүн, маданият министрлигинин, Жазуучулар союзунун колдоосу, мурдагы төрага Н. Калыбековдун, Нурбек Маамытбаев инммдин аракети менен бир катар авторлордун китептери жарык көрдү.
Бардыгыңыздарды жаңы китептер жана жакшы саамалык менен куттуктайм!