💫КАДЫР ТҮН БИЗ ҮМӨТТӨРГӨ ЖАРАТКАНДЫН БЕЛЕГИ.
⠀
✍🏻Мусулман боордошум, сен кандай гана бактылуу адамсың!
⠀
Сен, миң айдан да артыгыраак бир жылдык тагдырлар жазыла турган түндүн каршысында турасың!
Ооба, бул ошол кадыр түнү .Бул түнү жер бетине түшкөн периштелердин саны жердегилердин баарынан да көбүрөөк болот.
Аллахтын элчиси соллаллоху алайхи васаллам:
"Бул түн тунук ары жарык, жылуу да эмес, суук дагы эмес жайлуу болот" – деп айткан.
Эй, кулчулукка кол жеткире албай жүргөн
тууганым?
Кадыр түндө, коюп жиберген мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтурууга тырыш!
Ордуңдан тур, уктаба ..
Жай колуңда Аллага!
Алла Таала сунулган колду
бош кайтаруудан уялат.
Сага бирөө келип:
Эй паланча ?!
Бүгүн уктаба сага сыйлык бар – десе
уктайт белеңиз?
Ал эми бул түнү
Алла Таала баардык тилектерди кабыл кылат.
⠀
Рамазандын акыркы 10 түнү менен сиздин 10 жылдык өмүрүңүз да тең келе албайт!
Эй карызга баткан адам?
Эй жүрөгү кайгыга баткан адам?
Эй бактылуу жашоону каалаган адам!
Тилегин, колдон чыгарбагын!
Мына сага зор мүмкүнчүлүк!
Ким бул түндүн ийгилигинен айрылса,
ал бүт өмүрүндөгү ийгиликтерден айрылып
калган адам сыяктуу.
⠀
Азирети Айша энекебиз бул түндөрү:
“Эй Аллах! Сен кечиримдүүсүң. Кечиргенди жакшы көрөсүң, менин күнөөлөрүмдү кечиргин!” - деп дуба кылаар эле.
⠀
Суфйан ас-Саури:
«Кадыр түнү көп дуба кылуу мен үчүн (напил) намаз окуудан дагы сүйкүмдүрөөк» – деген.
Абдулла ибну Аббас:
“Бул түнү кимге канча ырыскы берилээри, асмандан канча өлчөмдө жамгыр түшөөрү, кимдер бул дүйнөгө келип жана кимдер бул дүйнөдөн сапар тартаары жазылат” – деп айткан.
⠀
Кадыр түндүн мындай аталуусунун себеби, ким бул түндү ибаадат менен өткөрө турган болсо, кадырдуу, сыйлуу адамдардын катарына кошулаары айтылган.
Көпчүлүк адамдар ушул түнү: “тозоктон кутулду” - деген наамга татыктуу болушат.
Атактуу таабийин Икрама (рохимахуллох):
Кадыр түнү бир жылдын ичинде канча адам ажылык парзын аткарган болсо, ошол адамдардын аттары, ата-энелери менен кошулуп жазылат – деп айтаар эле ..
⠀
Эй мусулман бир тууган?
Кой башыңды саждага!
Тиле Роббиңден,
Бул балким сен үчүн соңку мүмкүнчүлүк болуп чыгаар!
⠀
Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун):
«Ким кадыр түндү ыйман менен сооп табуу үмүтүндө ибаадат менен өткөрө турган болсо анын мурдагы кылган күнөөлөрү кечирилет» –
деп айткан.
(Бухари – 38 ).
⠀
Бул түндө берилүүчү сыйлыктар, сооп-пазилеттерин билесизби?
Өмүрүндө бир да калтырбастан бул түндү ибаадат менен өткөргөндөр чындыгында бактылуу.
Бул түн миң ай, тагыраагы 83 жыл, 4 ай ибаадат жасады деген сыйлык
берилүүчү улуу түн.
Бул түндө Жабрайил периште башчы болгон
баардык периштелер жамааты жер бетине түшүшөт. Алардын ушунчалык көп болгонунан
жердин бетинде бут коюга орун калбайт – деген сахаабалар. Таң атканга чейин периштелер ибаадат кылуучуларга кечирим дубаасын айтып турушат.
⠀
Тууганым карачы, периштелер асмандан жер бетине түшүп келсе, бул түндү сен кайдыгерлик менен өткөрүп жүрбөгүн.
Бир жылдык тагдырың жазылышы анык!
⠀
Баардык нерседен тажадыңбы?
Бул жашоодон зээриктиңби?
Жашоодон түңүлүп, кайгыга баттыңбы,?
Кел анда Жараткан Аллахты эсте.
Кадыр-барктуу адам болгуң келеби?
Акырет менен бул дүйнөдө
бийик даражада жашагың келсе бул түн сен үчүн чоң мүмкүнчүлүк! Бүгүн сен уктабоого тийишсиң!
⠀
Азирети Пайгамбарыбыз алайхис салам Рамазандын акыркы он күнүнүн түндөрүн намаз, ибаадат менен өткөрөт эле. Жашооңдо кыска убакыттын ичинде мол береке, көптөгөн жакшылыктарга жетишкиң келсе ушул түндө берилүүчү мүмкүнчүлүктөрдү
колдон чыгарбай кармап калгын. Сексен үч жылдык ибаадат турса кантип сен
кыжаалат болбостон жатып уктайсың?
⠀
Ушул күндөрү болбоду дегенде бир адамга
ифтар кылып бер, садака жаса, жакшылык иштерди аткар, атаңдын батасын ал,
энекеңди ыраазыкылууга тырышкын.
Куран оку, дуба кылып Роббиңден тиле!
Жаман ой-пикирлерди унут, баарын кечир, сен дагы кечирилесиң тууганым!
*🌸 жакшы аял жарым дин🌸*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев