____ ЧЫГЫП КЕТЧИ ЖҮРӨКТӨН____
Ой санаалар ороп канча күн өткөн,
Айыгалбай ооруларым жүдөткөн,
Күнөөсү жок ак сүйүүмдү кыйнабай,
Чыксаң чыкчы чыгып кетчи жүрөктөн.
______
Жан-дүйнөмдү жарыталбай түнөктөн,
Мага аалам жалгыз болуп жүдөткөн,
Өзүңдү да мени эми кыйнабай,
Чыксак чыкчы чыгып кеткин жүрөктөн.
______
Жарыбай жарык көөнүң түнөргөнү,
Жан дүйнөң ачылбайын бүркөлгөнү,
Өзүңдү кечире албай мени издейсиң,
Өмүрдө жолугушуп бир көргөнү.
______
________КАЙРАТ АШУРОВ__________