Бир картаң эчкибиз бар эле да, неме, илгерки убакта. Койчу көргөн жерден эле, ошол эчкиңерди союп эле жегилечи, акчасын деле мен берейин мени күйдүрдү дей берчү. Маани бербей, күлүп эле койчумун. Бир күнү койчу жумуштарымды бүтүрүп алайын деп, бир айга "отпускеге" чыгып кетти. Андайда дароо кезектешип бакмай башталат. Биринчи эле кезек бизге туш болуп калып, мен багып чыктым. Баары жайытка жеткенде башталды. Оо йопту-у-уу, эчки эмес эле бир балээ экен да бу шүмшүк. Койлоруң деле бир мээси жок немелер экен го? шүмшүк койлордун алдына түшүп алып эле ээрчитип жөнөйт десең, эми кайтарып келсең кайра кетет. Иши кылып ошол күнү көчүк жер жыттабады. Нерв кайнап, тиш кычырап бир топ эле болуп калга