Бейишке кирбей күтөм...
- Таяне.
- Оу балам.
- Телефонуңуз качан оңолот?
- Менин телефонум оң эле балам.
- Балким өчүп калгандыр.
- Жок, күнүгө эле токко сайып атам.
- Кечээ өчкөн жок беле, таяне?
- Жок. Бул телефон бир толсо 3-4 күнгө жетет.
- ...
- Эмне болду балам? Эмнеге сурадың?
- Түшүмө атам кирди. Эмне чалбай калдыңыз дедим.
- Анан эмне дейт?
- Таянеңдин телефону өчүп калыптыр. Ошого чала албай атам дейт...
- Аа, сени сагынып аткан го анда.
- Эмне атам да мени сагынабы, таяне?
- Сагынат да балам. Албетте, сагынат.
- Сагынса эмнеге чалбайт анда?
- Эми... балким чала албай аткандыр. Телефону бузулгандыр...
* * *
- Таяне, телефонуңузду токко сайып
КР Өкмөтүнүн пресс-кызматы:
Каркыра кыргыз жери болгон жана кыргыз жери бойдон калат
КР ЖК тарабынан ратификация болгон "кыргыз-казак чегарасы жөнүндөгү келишимдин" тегерегинде токтоосуз болуп жаткан саясий чайкоочулуктарга байланыштуу КР Өкмөтүнүн пресс-кызматы төмөнкүлөрдү билдирет:
Бүгүн айрым саясатчылар жана ММКлар Каркыра "участогунун" тегерегинде өзгөчө чоң ызы-чуу жаратып жатышат. Бул маселе бир заматта бийлике саясий басым кылуунун жана элдин аң-сезимин бурмалоонун инструментине айланды. Кыргыз Республикасы өз жерлеринин бир бөлүгүн коңшу Казакстанга өткөрүп берди деп жарыялашып бул адамдар жана ММКлар атайылап жарандарыбызды адаштырууда.
Бул жөнөкөй эмес маселе түшүнүктүү болс