ИЗДЕГИЛЕ
Апамдын колундагы оймогумун.
Топчусу элем кызыл көйнөгөнүн.
Чачына байлап алган күмүш көздүү,
Көөнөрбөс чачпагымын, мончогумун.
"Чыккан кыз - чийден эми тышкары"- деп,
Тууганым, мени унутуп койбогунуң.
Атамдын калпагынын кыюусумун,
Саймасы, оймосумун, учугумун.
Томсоруп турам бүгүн үшкүрүнүп,
Эстесем жайнап күлгөн көп учурун.
Чачылтпай жыйнап алгын оо тууганым,
Атаңдын саймасынын бир учугун.
Кол шилтеп жүрөгүмдү тилбегиле,
Тамаша, таттуу сөздү сүйлөгүлө.
Шылтоолоп бөлөк өсүп калганымды,
Той-ашта катарыңдан чийбегиле.
Көрүнбөй калсам эгер көпчүлүктөн,
Көмүскө көз кыр салып издегиле.
Томсоруп келип калсам улагаңа,
Жадырап корооңорго "кир" дегиле.
Кундузбү Маматова
27.01.2