АШЫКТЫК
Көздөрүңө баксам дагы тойбогом,
Көңүлүңдө деги эмнең бар ойлоном...
Карегиңдин мөлтүр жашыл булагын,
Калемимден ыр жаратпай койбогом...
Кирпигиңдин ажыратып саласын,
Кирдетким жок эгер билсең арасын...
Көздөн алыс кетсең эле изиңден,
Көргүм келип кусалыкта калам чын...
Жүрөгүңдүн ысыгына жылынып,
Жүзүңдөгү мени арбайт сулуулук...
Ээрип барам колго алалбай эркимди,
Эриш аркак турсаң мага урулуп...
Быйыл жаздын эң алгачкы күндөрү,
Калса экен дейм бир өзүңө сунулуп...
Сен аркылуу күндүн нурун сеземин,
Сен аркылуу өтүп жатат жылуулук....
Автору: Алым Маликеев