Жакшы гана мамиле кыл жарыңа.
Ошол чыдайт, жогуңа да барыңа.
Жаман болсоң, душманыңа айланып.
Жакшы болсоң, жаннат болот жаныңа.
Эртенки күн, адам үчүн табышмак.
Кудай гана, күндү турат табыштап.
Ооруп калсаң, тагдыр да бу бир күнү.
Ошол карайт, мээримини багыштап.
Жакшы сүйлө, себеби жок бакырба.
Мээрим төгүп, алыстаба, жакында.
Кудай сакта, бир күн башка иш тушсо.
Туруп берсин, калкан болуп жаныңда.
Сүйүүсү бол, бакыты бол жаны бол.
Жарыгы бол, таалайы бол шамы бол.
Ырайымсыз кожоюну болбостон.
Сүйүктүүсү ырайымдуу ханы бол!
Аялыңдын тыянак кыл сөзүмдөн.
Жакшы - жаман болмоктугу өзүңдөн.
Жаман болсоң, заар болуп тилинен.
Жакшы болсоң, мээрим болот төгүлгөн.
Эски ырлардан.
Көп эркектер, намыс көрүп калтырап.
Аялдарын эркелетпейт, тартынат.
Аял затка, канча кылсан жакшылык.
Сеникинен, алда канча ашырат.
Ишенбесең, көрсөң болот текшерип.
Аялыңдын аялдыгын эскерип.
Эрте менен өөп коюп чоп этип.
Ишке кеткин, манты жейсиң кеч келип))
Бирин-бири, эркелетпей жашаган.
Жубайларга, чындыгында таң калам.
Бири-бирин, эркелеткен жубайлар.
Эң бактылуу, боло алат деп айталам.
Эр болгон соң, сылыгыраак бол демек.
Буга деген, шариат да жол берет.
Эй эркектер! кадырына жеткиле.
Аялыңар, силер үчүн чоң белек.