ЭМНЕ ҮЧҮН САТЫП АЛГЫМ ЭЛЕ КЕЛЕ БЕРЕТ?
Кээ бирлердин тапканын коротмоюнча жаны тынбаган адаты болот. Дүкөнгө кирмейин өтпөйт. Сөзсүз бир нерсе сатып алат.
Кечке жуук убакыт таап бир ирет супермаркетке бармайынча уктабайт. А дем алыш күндөрү сөзсүз базар кыдырганы чыгат.
Ала берет, кийимби, оюнчукпу, дептерби… иши кылып үйгө куру кол кайтпайт. Бир караганда өтө зарыл нерсени алгандай… а чынында анын кереги деле жок. Же булардын акчасы көппү? Жок, адатта булар айлыкта иштегендер, демек тартыш жашагандар.
Эмне үчүн мындай адамдар акчасы күнүмдүк турмушуна жетпейт, бирок ар нерсеге корото берет?
Сизде да ушундай абал барбы?
Жообуңузду жазыңыз
Сиздин өнүгүүңүз үчүн “Кантип өзгөрөм?”