Садыр Жапаров: Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары, ж.б. токтой баштады
Президент жумушчу күч жетпей жатканын айтып, Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
“Өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатат. Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары, ж.б. токтой баштады. Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда. Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыз