Жаңы Тейлөө Борбору Ачылды
2024-жылдын 30-майынан тартып Москва шаарында «ВЭФ Сервисс» ЖЧКсынын тейлөө борбору аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор башталат, төмөнкү даректе жайгашкан:
Москва ш., Каширское шоссе 3 корп2 , строение 9,”Сириус Парк”бизнес борбору.
Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары VEF Services тейлөө борбору аркылуу төмөнкү консулдук кызматтарды ала алышат:
Кыргыз Республикасынын жаранынын ID-картасын, жарандык паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн алардын жарактуу мөөнөтү аяктаганда, бузулганда же жоголгондо каттоо жана алуу;
Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүктөрдү каттоо