КЫШКЫ КЫЯЛДАР
Ак бубакка бөлөнүп сейил багы,
Кар бүртүгү куланат жааган жаңы.
Ак тон кийген балатылар үшүгөнсүп,
Үлбүрөйт башын ийип бүтүн баары.
Биз олтурчу олтургучтар бош калыптыр,
Жалгызсырап кышкы суука чыйрыгыптыр.
Кар бүртүгү өпкүлөшүп жердин бетин,
Жыл бою ушул кезди сагыныптыр.
Сансыз ой карга айланып сезимдеги,
Сулуулайт жомок болуп ушул кечти.
Издериң дале турат кар үстүндө,
Эстетип ошол жолду сага кетчү.
Ал кезде, сезимдер тунук эле ушул кардай,
Айтылып назик сөздөр таттуу балдай.
Кыялдар көк асманга желдей учуп,
Калганбыз сүйүү кушун кармай албай.
Өзүңсүз канча кышты тосуп алып,
Өтмүштө кайра аларды мен узуттым.
Быйыл да, кышты тосуп кыялдана,
Баягы күндөрдү эстеп мен кус
---
БААЛАЙ ЖҮР БИЗДИН СҮЙҮҮНҮ
Коштошор кезде экөөбүз,
Кыйынга турду бөлүнүү,
Жолукпай калсак өмүрдө,
Унутпа биздин сүйүүнү.
Үзүлбөй сенден үмүттөр,
Күтүүлөр менен күн өтөр.
Бир кезде балким токтойттур,
Бир соккон бизде жүрөктөр.
Сезимди бийлеп бурганак,
Сагыныч биртоп үйүлдү.
Сары оору кылбай сыздатып,
Сактай жүр биздин сүйүүнү.
Сагынган сайын өзүңдү,
Сыздатат белдин жүлүнү.
Барктай жүр эми унутпай,
Бактылуу биздин сүйүүнү.
Балбылдап көздөр карашса,
Бакыттын болчу түйүнү.
Башкага такыр арнабай,
Баалай жүр биздин суйууну.