Таптаза тунук экен жүрөгүңүз.
Жалгыздык жан кейитип турган кезде.
Жүрөктү ээледиңиз,бир өзүңүз.
* * *
Сур булут..тарап кетет сүйлөсөңүз.
Сулуусуз каш-кабакты түйбөсөңүз.
Өлөм го кашык сууга чөгүп кетип.
Өмүркан эже ээми сүйбөсөңүз.
* * *
Аппапак жүзүңүздүн нуру тамып.
Карагат көздөрүңүз бал бал жанып.
Сезимди козгоп коюп көрунбөйсүз.
Жүрөктү аркан жипсиз байлап салып.
* * *
Кетпеди көз алдыман элесиңиз.
Түшүмдө кыздай болуп келесиңиз.
Гүл өскөн көгүш,аппак, кызыл,сары,
Бир болор бекен биздин белесибиз.
* * *
Кыскараак жарашыктуу чачыңызды.
Калдыргач канатындай кашыңызды.
Карап мен..үшкүрүнө асман карайм.
Тең кылбай койду неге жашыбызды..
* * *
..деп жалгыз өзүңүз жок түнөгүмдө.
Супсулуу элесиңиз жүрөгүмдө.
Ажарлуу ай жүзүңүз калса экен деп.
Сакталып бул жашоодо..бул өмүргө!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2