Ааламды бүгүн ак каптап
Азамат жигит нарк сактап
Аздектеп дайым кийүүчү
Атадан мурас Ак калпак
Түтүндөй бүгүн ак каптап
Түзүк жигит нарк сактап
Түшүрбөй дайым кийүүчү
Түпкүдөн мурас Ак калпак
Баардык жерди ак каптап
Баатыр жигит нарк сактап
Барктап дайым кийүүчү
Бабадан мурас Ак калпак
Алтындай калпак тигилсин
Ар күн сайын кийилсин
Аздектеп дайым башына
А бизден башка ким илсин?
Күмүштөй калпак тигилсин
Күн сайын чечпей кийилсин
Кырк оймо салып, башына
Кыргыздан башка ким илсин?
Калпаксыз кыргыз, башкасың
Карын ток, бирок ачкасың
Андыктан аппак ак калпак
Ааламды дайым каптасын
Жараткан жалгап тазартсын
Жалпыны бизге каратсын
Көрктүү аппак калпактай
Көөдөндү дагы
Бүгүн Жээним Нурландын 1-жолу мелдешке чыгып, тушоосу кесилип, бокстан 1- орунду ээледи..
Эң негизгиси ден соолугу чың, акыл эстүү эр азаматтардан болсун
Жылдар менен жабышып жөлөнбөйбүз
Жылса өйдө, жерге карай төмөндөйбүз
Жаңы жыл, жыл айланып келген сайын
Жапжаш болуп биз эмнеге төрөлбөйбүз?
Өмүрүбүз өтүп жатат кайталагыс
Өткөн күндү кантип биз кайтарабыз?
Өйдөгө жыл цифрасы жылган сайын
Өзүбүз жылдан жылга картаябыз
Чыйыр менен кадамдап кете алабыз
Чытырманды аралап өтө алабыз
Чыкылдап жылып жаткан саат сайын
Чын дүйнөгө жакындап бет алабыз
Күн уяга баткан сымал кеч киребиз
Күтпөйт аалам! Убакытты кестиребиз
Жылтылдап жылдарыбыз жаңыланса,
Жылдан жылга биз өзүбүз эскиребиз
Бакыт эмне?
Суу ичип, туурам нанды жей алганың
Сугунбастан азгырыкты жеңе алганың
Жөндөмсүз болсоң дагы ийгиликке
Жөн гана дем чыгарып, дем алганың
Бакыт эмне?
Бүт денеңди байкаганың, сезе алганың
Бүгүнкүдөй жараткандан кез алганың
Чарчаганда, жаздыгыңа башты коюп,
Чалкалап, уктаап, уктаап эс алганың
Бакыт эмне?
Даам сезип, кесим нанды тиштегениң
Дайым байкап, өз үстүңөн иштегениң
Туура эмеске улам барып, башты тыгып
Туура жолду бул жашоодо издегениң
Бакыт эмне?
Жаратканга моюн сунуп ынанганың
Жашоодогу сабыр жана чыдамдарың
Таалай ошол чаңкагаңда сууну ичип,
Табарсыктан бошотуп, чыгарганың
Бакыт эмне?
Мурда кылып, кетирген каталарың
Муң, күлкү , сүйүнүч, капаларың
Азыр бирок т
Тарс этсе чоочуп качпаган Кыргыз
Тайсалдап коркуп кайтпаган Кыргыз
Тажик эле эмес Кытайдан дагы
Таазимди этип жатпаган Кыргыз
Коркутса коркуп, качпаган Кыргыз
Коңулда уктап жатпаган Кыргыз
Котур таш салып койнуна Кыргыз
Коюнга жаман катпаган Кыргыз
Өлкөнү коргоп түптөгөн Кыргыз
Өнөрдү кордоп түртпөгөн Кыргыз
Өлөм деп коркуп жан үчүн Кыргыз
Өзгөгө тизе бүкпөгөн Кыргыз
Ачкага курап мал берген Кыргыз
Алсызга кубат, ал берген Кыргыз
Алаамат болуп кетсе да Кыргыз
Ала Тоо үчүн жан берген Кыргыз
Өзгөдөн кууп , өч алган Кыргыз
Өзгөчө жашап өтө алган Кыргыз
Өлүмгө каршы тик туруп Кыргыз
Өчүрсө кайра от алган Кыргыз
Ажалга түптүз бет алган Кыргыз
Артынан кууп кек алган Кыргыз
Алдын