Атакем атакем оо кирдиң түшкө.
Кабар ал деп энекемден мени түндө.
Карабай эчнерсеге жетип бардым.
Энекем жаткан экен алсыз үйдө.
Энекем энекем деп кыйкырсам да.
Акырын көзүн ачып карап койду.
Башка сөз айталган жок энем алсыз.
Акырын башым сылап кармап койду.
Балам деп күйүп жүрүп энем байкуш.
Баратты сиз тарапка улам узап.
Тосуп ал ата сизден суранаарым.
Биз калдык аргасыздан көз жаш кулап.
Акты көз жаш арман коштоп кайгылуу.
Азыр бизде аза күтүү кайгыруу.
Күндө тилеп жараткандан суранам.
Бейишиңден берекөр деп кең жайлуу.