Ата сенин жүргөн шаарың көрүп келдим,
Ата сенин баскан жериң басып келдим.
Аскердик кызматыңды сен өтөгөн,
Растов на Дону да болуп келдим.
Ата сенин ичкен сууң ичип келди,
Колумду да ошол сууга жууп келдим.
Көп жыл мурда атам дагы жуугандыр деп,
Жүзүмдү да көз жаш кошуп жууп келдим.
Көз албай карап турдум сууну көпкө,
Ошол суудай агып улам өмүр өтсө.
Кошулушуп ошол суунун тамчысындай,
Жолугаарбыз оо дүйнөдөн өмүр өтсө.