БОЙРОКТУ ТАЗАЛАГАНДЫ БИЛЕСИЗБИ?
Ден соолук менен сулуулукту өз колубуз менен жасайлы
Эсиңиздерде болсо, өткөн сандарыбыздын биринде боорду тазалоо тууралуу маалымат бергенбиз. Анда жазылган рецепттерди колдонуп бооруңузду тазалап бүткөн болсоңуз, эми бөйрөктөргө кезек келди. Бөйрөктөрдү тазалоо менен сулуулугуңузду, ден соолугуңузду узакка сактаган болосуз.
Бөйрөк оорусу кимдерди көп тооруйт?
Бөйрөк оорусу өтө эле арык, узун бойлуу адамдарга көп жармашат. Мындай адамдарда бөйрөктү калыптагыдай абалда кармап турууга жардам берүүчү май капсуласы жакшы өөрчүгөн эмес. Демек, бөйрөктүн ылдый түшүп калуу коркунучу бар.
Бөйрөк оорусунун ар кандай түрлөрү менен эркектерге караганда аялда