Атанын орду бөлөктүр,
Ар күнү бизге жөлөктүр.
Наар албай ата сөздөрүн,
Наадандар күндө сөгөттүр.
Эненин орду бөлөктүр,
Эртели кеч жөлөктүр.
Ээси кеткен акылсыз,
Энесин күндө сөгөттүр.
Жарыңдын орду бөлөктүр,
Кай бир кезде жөлөктүр.
Карабасаң кайынга,
Какшанып күндө сөгөттүр.
Бир тууган бизге жөлөктүр,
Биримдик болсо көмөктүр.
Атадан алтоо болсоң да,
Үй жайыбыз бөлөктүр.
Баланын орду бөлөктүр,
Карылык келсе жөлөктүр.
Тарбия мыктап бербесек,
Таамайлап бизди сөгөттүр.
Достун да орду бөлөктүр,
Дооруңда сага жөлөктүр.
Дооруңдан тайсаң эгерде,
Досторуң сени сөгөттүр.
Баарынын орду бөлөктүр,
Баарысы жакшы көрөттүр.
Турмушта биз жаңылсак,
Тууралап бизге көмөктүр.
Оо дүйнө жайга аттансак,
Баар
Өткөндү аян кылып,
Өткөндөн баян кылып,
Өткөрүп керемет күн,
Өзгөчө сайран куруп.
Сырдашсак кандай жакшы,
Сырдашкан кандай жакшы.
Жакшы күн жаратууга,
Чек коюп талашууга.
Санаага чектөө кылып,
Сагыныч таратууга.
Кезиксек кандай жакшы,
Кездешсек кандай жакшы.
Жүрбөстөн көздү жаштап,
Арманды артка таштап.
Сендикмин мен сендик деп,
Сүйүүдөн дастан баштап.
Сырдашсак кандай жакшы,
Сырдашкан кандай жакшы.
Сага...
Үйрөтүп унутканды,
Ким мени унуткарды?
А менде бирок билсең,
Көндүрүп сенсиздике,
Көп жандар унут калды.
Мен...
Укканда унутканың,
Булуттай буулукканмын.
Сезимдин кереметин,
Сезбестен сени менен,
Дүйнөңдөн унут калдым.
А биз...
Жактырып унутканды,
Жакшы күн унут калды.
Бир өмүр экөөбүз тең,
Жаш төгүп жашап калдык,
Жаратпай улутманды.
СЕНДИК БОЛБОЙ КАЛГАНЫМА КУБАНАМ
Сени ойлоп өңдөн азып кубарам,
Сенсиздикте күчөп барат убарам.
Сезим баркын билүү үчүн ааламда,
Сендик болбой калганыма кубанам.
Аткарылбай менин далай убадам,
Азаптанып ооруп турам кусадан.
Азап берип көз жашыңды төктүрбөй,
Сендик болбой калганыма кубанам.
Жакшы маек сени менен курбагам,
Жарым бол деп колум сага сунбагам.
Жетүү үчүн асыл кечим баркыңа,
Сендик болбой калганыма кубанам.
Далай ирээт татаал жолдо кулагам,
Дарман кетип алсызданып сулагам.
Дартың болуп бир өмүргө жүргөнчө,
Сендик болбой калганыма кубанам.
АЗИЗ ТЕНТЕК ЖИГИТ.
14.10.2018.