Мен аялыма жардам бербейм!
=========================
Үйгө досум келип калыптыр. Экөөбүз ашканада отуруп алып, чай үстүндө баарлашып жаттык. Сүйлөшүп жатканда, “Мен азыр идиштерди жууп коёюн, анан келем” - деп туруп бара жатсам, досум мени таң кала карады. “Жакшы экенсиң, аялыңа жардам берип. Мен аялыма жардам бербейм. Мен ага бир - эки жолу жардам бергем, “рахмат” - деп айтканга жарабады. Өткөн жумада полдордун баарын жууп чыккам, эч нерсе деген жок”. Мен идиштерди жууп болуп, досумдун жанына отуруп, ага баарын түшүндүрүп бергенге аракет кылдым.
- Мен өзүмдүн аялыма жардам бербейм. Менин аялыма жардамчы кереги жок. Үй иштерин кылып турганым бул жардам эмес. Мен аялыма үй жыйнаганга жардам