Предыдущая публикация
Убакыт алды алганын
Уттурдук билбейм канчасын?
Уул болдуңбу журтуңа
Улуу тарых тактасын!
Куттуктап мен, калемгер
Эл камын көрсүн эрендер!
Кут болсун жаңы жылыңар,
Аз болуп, ыр анан чырыңар!
Бийликте болду өзгөрүү
Шайланып кайра өздөрү..
Калайык калк кыйкырат
Канаке, бер деп өзгөрүү!
Ыр менен курсак тойбойт го,
Ырдасаң кампа толбойт го?
Коррупцияны жоелу
Антпесек эми болбойт го!
Чачылганды жыйнаган
Чачтуунун чачын кыйбаган,
Акыйкат бийлик боло көр
Айткандын оозун тыйбаган!
Элибиз болсун башы аман
Ээрчибей бир сөз, эч жаман!
Эрк берип биздин бийлике
Эл деп турсун ар качан!
А.Элеманов
29.12.2017-ж. Бишкек шаары
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 47
Келе жаткан жаны жылыныз менен. Бекем ден соолук сизге. Калеминиз курчуй берсин.