(Кытай төнөгүч)
«Китайская булавка»
Багымдат намазына азан чакырылды. Үйүмдүн терезеси катуу тыкылдады, атам эртең менен мени багымдат намазына ойготуу үчүн бир эки жолу жөтөлүп коёр эле, эми ал ким болду экен?
- Ата, чоң атамдын табы жок, тез чык ата.
Бул кичүү уулум Исламбектин үнү болчу.
– Азыр балам, – дедим да ордумдан туруп атам жаткан бөлмөгө атырылып кирдим.
Атам диванда капталынан жатып, өңү муунуп, оозу бир жагына кыйшайып, эсин жоготуп жерде жатыптыр.
- Балама тонометрди тез алып кел дедим.
Кан басымды ченеп көрсөм, 200дөн ашты, оо кудай.
- Тез жардам чакыр.
Эмне кылса болот, кандай жол тутуш керек, абалы өтө оор, атам инсульт болуптур
Мен күтүлбөгөн жерден инсультка