Эки кошуна сүйлөшүп калат
- Ай, Ракыя түнү менен эле күйөөңдүн жаагы тынбай какшап чыкты да ботом.
- Ооба эже, бир аз кызуурааак эле..
Эки күндөн кийин дагы ушул суроо берип, ушул жоопту алды.
Эки, он, жыйырма жылдан кийин деле берген ушул суроосуна ушул жооп, акыры
- Э Ракыя, бул күйөөң деги муздайбы, дайым эле кызуу,
- Муздайт эже ичпей калган күнү.
- Ичкен күнү какшатпай эркелеп, эркелетип алдап салдап жаткырып кой да, кошуналар уктай албай калдык.
Араң турган Ракыя жарылды ошондо:-
-Эже, эркелесем кимден үйрөндүң деди, эркелетсем бузулдуң деди, унчукбай койсом көк бет деди, сүйлөсөм ажаан деди. Алаксытайын десем мактанба деди, бирөөнү мисал кылсам актанб