Жашоо бизге өтө кыска берилиптир.
Билинбей күн чыгып түн кириптир.
Ушул кыска жашообузда сыйлашалы.
Дагы канча жашаарыбыз ким билиптир.
Кечеки күн кайра кайтып кайталанбайт.
Убактыбыз учат сызып токтой албайт.
Өмүрүбүз ушунчалык кыска тура.
Бул өмүрдү нечен жандар барктай албайт.
Кыска өмүрдө сыйлашканга эмне жетсин.
Көңүлдөгү капалыктар жуулуп кетсин.
Капа болсок кечирели кек сактабай.
Эртең кандай күн келээрин кимдер билсин.
Жакшы сөздөр көп болсода неге айтпайбыз?
Жамандыкты жакшылыка айлантпайбыз..
Касташып өтүп кетмей болдук чиркин.
Эмне үчүн жакшы сөздөн арнашпайбыз?
Кел тууганым жамандыкты жоёлучу.
Жаман сөздү айтпай эле коёлукчу.
Жакшы сөздөн жан эргип кубанабыз.
Бизди баскан кайгылардан кутулабыз.
Өмүр кыска сыйлашалы чарчабастан.
Ушак айтып бакалардай чардабастан.
Бул өмүрдөн өтсөк дагы ажал жетип.
Жакшы сөздөр айтылсынчы артыбыздан...
Мен ушул чыгарылган ыр саптарынан кийин негедир кечиргим келди. Себеби мен бир көңүлүм калган адамды кечире албайм да. Ушунчалык көк кыз болсом да бүгүн баардык адамдарды кечиргим келди. Мага канчалык көбүрөөк жамандык алып келсеңер да бүгүн силерди кечирем!
Ким билет канча жылдык жашоом калды Чоочутат келбес сапар жердин алды Таарынтбай журсом деймин досторумду Ансыз да адам деген жашка жарды дегендей алтындарым досторубузду туугандарыбызды Таарынтбай журолучу кечиримдүү бололу чу силер да мени кечиргиле
Комментарии 15