Салам Ак Булут, ден соолуктарын кандай? Көп убактыңды албайм бирок бул катты сөзсүз окушуң керек. Мен сенин чыгармаларыңды көптөн бери окуймун. Акыркы жолу чыгарманын аты эсимде жок башкы каарманда Казбек деген жигит бар эле, ошол чыгармаңды окуп аябай таасирленгем. Ушунчалык күчтүү жигит акырында өз мекенине кайтып, калган аракеттерин мекен үчүн жасай турганын баса белгилеп жазгансың. Мына ошондой күчтүү жигиттер Кыргызстанда бар экенине ишенем, жана дал ошондой мыкты жигиттер кези келсе элди ээрчитип мекенди өнүктүрүшөт деген тилегим бар. Андан дагы бир кызыккан суроом бар эле, неге чыгарма жазбай калдың? Сенин чыгармаларыңды уктабастан күтүп окуучу элекко. Кыргызстанда китеп окуу долбоорлору ишке ашып жатат, бирок биринчи ошол нерселерди ишке ашырган сен элеңго Ак Булут. Мисалы мен, мектепте китептин “К” сында окубайт элем. Азыр китептин артынан кууп окуйм, китепке болгон кызыгуумду сен ачкансың өөй жигит! Канча китеп окусамда сен жараткан каармандарга жетпегенсийт, ката аралаш жазганың менен адамды өзүнө арбап алып, өз ааламына жетелеген чыгармаларың, көздөн жаш агызып, жүрөктөн орун алган каармандарың. Эстесем ыйлагым келет. Ак Булут биз сени баалай албадыкпы? Акыры бирөө сенин чыгармаңды жаман десе жабыла калып “өзүң жаман, сабатсыз десе өзүңдү билип алчы!”-деп сага эч кимди жолотпой бул биздин акын, бул биздин жазуучу деп коргоп турчуу элекко. Китебиңди чыгарам деп да чыгарбадың. Бир жолу сурасам каражат жок дедиң, китебиңди алыш үчүн кезекке турганга даяр элек, алдын ала акчасын эки эселепп кылып салгангада даяр элек. Счет ачып кой десек да ачпадың. Билем сенде да тиричилик бар, чыгарма жазып отуруп күндөрүңдү өткөзгүң келбейт. Түшүнөм деген менен айда-жылда болсода бир чыгарма жазып турчу. Каармандарыңды түшүмдө көрөм, көчөдө жүрсөм асмандагы Ак Булуттар көзгө көрүнсө сени эстейм. Бул бир эле мен эмес, көөп-көп окурмандарың ушинтип ойлошот. Сен билбегениң менен сени сыйлаган окурмандарың бар. Сени алгач ирет таныганым алигиче эсимде. Бир чыгармаңдын комментарийине кокустан кирип окуп атсам бирөө мынтип жазыптыр:
-Ак Булут акын жана жазуучу, Алыкул менен Чынгыздай чыгаандар чыкпай калды десем, эки алп биригип келген тура – деп жазыптыр кимдир бирөө жиним келип неге бул баланы аларга теңейсиңер деп жазып койсом смс каттар жык толуп биздин акынды каралаганга кандай акың бар дешти, окурмандарың менен урушуп кеттим, чындап жиним келди, сенин жеке катыңа урушуп жазайын деп, бир чыгармасын окуп көрөйүнчү деп “Эже-синди” деген чыгармаңды окугам, башталганда эле ката жазыпсың, ого бетер жиним келип дагы улай окуп бир убакта аягы деген жерге кантип жеткенимди билбейм, көзүмдөн аккан жаш, денемди майда калтырак баскан, ичимден муздак дем чыгып бир кыйлада өзүмө келдим. Эже синди табышканына өзүмчө кубанып бактылуу болдум. Таң калычтуу ээ, бир канча мүнөттөр алдын сага жиним келип турган эле, кийин уялып калдым. Көп өтпөй “Менин жеңем” деген чыгармаңа көзүм түштү, окубай эле коёюн деп мейли башын бир окуюнчу деген бойдон көзүмө жаш толуп кетти. Там бердим, чындап там бердим. Сөздүн ачыгын айтыш керек, ошол менмин дегендердин чыгармасын окуп ичине сүңгүп кире албай калдым эле, сени жек көрүп туруп чыгармаларыңда жашап калдым. Сениң өнөр ааламыңда дагы кандай чыгармалар чыгат деп күтчү болдум.
Биздин жашоо ушундай –деген чыгармаңды окуп бүтүп комментарийге кирсем бирөө жамандап жазыптыр, кантип ал менен сенин тарабыңды талашып урушканымды элестете албайм. Сөздүн кыскасы Ак Булут, дагы бир чыгармаларыңа суугарчы, сенин чыгармаларыңда да бир жолу жашатчы бизди. Алыста жүргөн мекендештерибиз иштен чарчап келип чыгармаларың окуп эс алып, ичиндеги бугун, арзуу-муңун ыйлап-ыйлап чыгарып алышчуу. Аларды ойлодуңбу? Алар азыр не менен эс алышат. Руханий эс алуу, руханий азыктануу не экенин бизден дагы сен жакшы билесиңго акыры. Жашоодо ар кандай нерселер болот, кайгырганда, кыйналганда чыгармаларың окуп ушунчалык эргүү алып эс алып алат элек, да бир жолу эс алдырчы бизди. Бирде окусам окурмандарым азайып кетти деп жазыпсың жоок, биз ошол бойдонбуз, көбөйсөк көбөйгөндүрбүз, бирок кемиген жокпуз. Сенден сабатсыз, сеникинчелик таланты жок, калемгерлер азыр эфирлерге барып акынсынып жүрүшөт. Окусаң чыгармалары супсаак бир нерсе жетишпегендей, алдыңа чай коюп бирок дак суу (кайнатылган суу ) ичиргендей элестете алтасыңбы? Акыры биздин доордун да мактана ала турган, тарыхта аты кала турган, көзгө басар бирөө болуш керекпи? Эми сен дегенден алысмын, ал үчүн көп аракет кылышың керек,мынтип токтоп калбай чыгарма жазып, китеп чыгарып али көп иш кылышың керек, бирок сенден үмүт барда Ак Булут. Ошол китеп чыгарып, концертин берип, эл астында жүрүп, эфирге чыккандардан эмес, сенден үмүт кылып атабызго биз. Кээде ичим ачышатда ушундай сабытсыздардын ордуна өзүбүздүн Ак Булут келип эфирге чыгып сүйлөсө, китебин чыгарса дейсиң бирок... мейли, калганын өзүң билесиң. Мага окшоп жазгандар толтура болсо керек, бактылуу бол, чыгарманы токтотпо.
Комментарии 67
"Кыраандар" чыгармасын суйуп кутуп жан дуйномо синирип окудумго.Аял болсомда криминал боевик кино китеп журналдарды окуп кором,энергия алам.Азыркы замандын номер 1жазуучусу Ак Булут Ийгилик алтыным ар дайым талыкпай кутуп окуйбуз.Ден соолукта бол.