Күндөгүдөй эле жумуштан үйүнө кеч кайткан, ар дайымкыдай жана чарчаңкы кебетени кийген атасын уулу босогодо күтүп отурган болот. Атасына:- Ата, сизден бир нерсе сурасам болобу?- Сура, эмне болду?- Ата, сиздин тапкан айлыгыңыз канча сом?- Ал сенин ишиң эмес! – атасынын кыжыры кайнап, дагы билип эмне кыласың? – деди кошумчалай.- Жөн гана билгим келди. Сураныч айтсаңыз, саатына канча сом аласыз?- Мм, 500 сом эмне болду?- Ата... – бала атасын чечкиндуу көздөрү менен бир карады да,вкайра жер карап:- Мага 300 сом бере аласызбы?Муну уккан атасы каардана:- Болбогон оюнчук үчүнбү? Сен эми акча суроогоөттүңбү? – Дагы үнүн көтөрүп баргың да, жатып уктагын. Ансыз да кеч болду. Ар ким керт башын гана ойл