Кайчылаш жол болбосун!
Буйрук болсо жолугушар күндөр бар,
Буюрбаса айла жоктун ишидир!
Бир күн келип эшигимди какканда,
Билгин кайра ачпайт аны киши бил!
Бүгүн жаптым күйүтү күч эшикти,
Бүт ааламды кезип жүргөн сени деп.
Баягыдай сурай бербейм далилди,
Баса бергин токтоп калбай мени деп.
Узун кеткен жолдо болсо кезигүү,
Уламалуу кайчылаш жол болбосун!
Уйку көрбөй таңда күткөн үмүттөн,
Уюп көзгө кандуу жаштар толбосун!
Уйку жүзүн көрбөй күткөн ак таңда,
Уюп көзгө кандуу жаштар толбосун!
Анара Омурбековна
Сүйүү өзү
Сүйүү өзү түркүн түстүү боёктур,
Сүйгөн жанга бары түшкү жомок бул.
Таза бойдон калса ошол сезимдер,
Таразага салып өлчөп коёттур.
Сүйүү өзү сүттөй аппак тазадыр,
Сүйбөс жанга келген анык азаптыр.
Дирилдеген эриндери тынбаса,
Дилге сиңер обон, обон жазат бил.
Сүйүү өзү мүрөк суудай агаттыр,
Сүйүлгөндөр ичсе жанга жагаттыр.
Жүрөктөрү бирдей соккон жандарга,
Жүгүн артпай дайым жалгыз бараттыр.
Жүрөктөрү турса бирдей дүкүлдөп,
Жүгүн артпай жандап жакын бараттыр!
Анара Омурбековна