ШЕЙХ ЧУБАК АЖЫ МЕНЕН БОЛГОН СУРОО-ЖООП 10
-Гусул алып жатып “аслан гуслан жана баян суу аклай көр денемди, дуба аклай көр тилимди” деген сөздү айтыш керекпи? 077366...
-Шариятта мындай сөз жок.
-Күйөөмдүн экинчи аялымын. Биринчи аялы “мен уруксат бермейинче никеңер жарабайт” дейт. Роза
-Биринчи аялдын уруксат бериши шарт эмес.
-Өлүм жөнүндө ойлонуп, жан чыгып жатканын элестетип кыйналчу болдум. Бул күнөө эмеспи? Өлүмдөн коркуш керекпи? 055013...
-Күнөө эмес, тескерисинче күнөөлөрдөн алыстатып турган сезим. Ошол сезимди туура пайдаланыңыз, андан коркуу керек эмес, ага даярдык көрүү керек.
-Үй-бүлө курганыбызга үч жыл болду. Кызыбыз бар. Күйөөм чеги жок кызганат. Колу да көп